ИЛОТТОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИЛОТТОР (гр. heilotai) – Байыркы Грекиядагы Спарта багындырып алган Лаконики м-н Мес­сениянын калкы. Спартада мамлекетке көз ка­ранды болушуп, дыйканчылык м-н кесип кы­лышкан калк. И. кулдардан айырмаланып, өздөрүнүн жери, аны иштеткен шаймандары болгон. Жер ээлери И-ду сатууга, өлтүрүүгө акы­сыз болгон. И. Спарта коомунун бардык укук­тарынан пайдаланган эмес ж-а мамлекет тара­бынан белгиленген салык эрежеси б-ча түшкөн түшүмдүн жарымын кожоюндарына берген. Спарталыктардын катуу эзүүсүнө байланыштуу И. көтөрүлүшкө чыгып, ал тарыхта 2-Мессен со­гушу (б. з. ч. 7-к.) деп аталып калган. И-дун көтөрүлүшүн болтурбоо үчүн спарталыктар алар­ды мезгил-мезгили м-н жазалап турушкан.