ГРЕНАДА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГРЕНА́ДА ''' – Кариб деӊизинин алабындагы Гренада а. м-н бирге Түш. Гренадина архипелагы ж-а Кичи Антил а. тобунда жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Тринидад ж-а Тобаго, Венесуэла, түндүгүнөн Сент-Винсент ж-а Гренадина,  
'''ГРЕНА́ДА ''' – Кариб деӊизинин алабындагы Гренада аралы м-н бирге Түшт Гренадина архипелагы ж-а Кичи Антил аралдар тобунда жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Тринидад ж-а Тобаго, Венесуэла, түндүгүнөн Сент-Винсент ж-а Гренадина,  
[[File:ГРЕНАДА20.png | thumb | none]]
[[File:ГРЕНАДА20.png | thumb | none]]
түн.-батышынан Барбадос м-н деӊиз аркылуу чектешет. Кариб деӊизи ж-а Атлантика океаны чулгап турат. Аянты 344 ''км''<sup>2</sup> (Гренада а-ныкы 311 ''км''<sup>2</sup>). Калкы 100,0 миӊ (2015). Борбору – Сент-Жоржес ш. Мамл. тили – англис тили. Адм.-айм. жактан 7 районго бөлүнөт. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Г. БУУнун (1974), Америка мамлекеттери уюмунун (1975), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1975), Кариб шериктештигинин мүчөсү.
түндүк-батышынан Барбадос м-н деӊиз аркылуу чектешет. Кариб деӊизи ж-а Атлантика океаны чулгап турат. Аянты 344 ''км''<sup>2</sup> (Гренада аралыныкы 311 ''км''<sup>2</sup>). Калкы 100,0 миӊ (2015). Борбору – Сент-Жоржес шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Административдик-аймактык жактан 7 районго бөлүнөт. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Гренада БУУнун (1974), Америка мамлекеттери уюмунун (1975), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1975), Кариб шериктештигинин мүчөсү. Гренада – унитардык мамлекет, ''Шериктештиктин'' курамына кирет. Конституциясы 1984-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британиянын королевасы (анын жергиликтүү өкүлү – генерал-губернатор). Аткаруу бийлигин премьер-
Г. – унитардык мамлекет, ''Шериктештиктин'' курамына кирет. Конституциясы 1984-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британиянын королевасы (анын жерг. өкүлү – генерал-губернатор). Аткаруу бийлигин премьер-
[[File:ГРЕНАДА21.png | thumb | Гренада аралынын түш.-батыш жээги.]]
[[File:ГРЕНАДА21.png | thumb | Гренада аралынын түш.-батыш жээги.]]


министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Улуттук демокр. конгресс, Г-нын Бириккен лейбористтик партиясы, Улуттук партия, М. Бишоп атн. патриоттук кыймыл.  
министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Улуттук демократиялык конгресс, Гренаданын Бириккен лейбористтик партиясы, Улуттук партия, М. Бишоп атындагы патриоттук кыймыл. Гренаданын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Жанар тоо аралдарында жайгашкандыктан, рельефи тоолуу. Гренада аралынын борбордук бөлүгүн токой каптаган тоо массиви ээлеп турат. Климаты деӊиздик-субэкватордук. Жылдык орточо температурасы 26°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1960 ''мм''. Жаанчыл мезгил май айынан баштап октябрга чейин. Июлдан октябрга чейин катуу шамалдар (ураган) болот. Нымдуу тропик токойлуу. Калкынын улуттук курамы: негрлер – 82%, мулаттар – 13%, европалыктар м-н индейлер 5%. Калкынын көбү христиандар (католиктер – 64%, протестанттар – 22%). Шаар калкы 32%. Эмгекке жарамдуу калктын көбү тейлөө кызматында иштейт. Калкынан орточо жыштыгы 1 ''км''<sup>2</sup> жерге 260 киши. Ири шаарлары: Сент-Жоржес, Маркус ж. б. Байыркы мезгилдерде Гренаданын аймагын индей уруулары мекендеген. Гренада 1498-жылы Христофор Колумб тарабынан ачылган. 1650-жылдан европалыктар келип отурукташа баштаган. 1665-жылы Гренаданын аймагын француздар колонияга айландырышкан. 1762-жылдан Гренада Франция м-н Улуу Британиянын ортосунда талашка түшкөн. 1783-жылдары Версаль макулдашуусу боюнча Британияга өткөн. 17–18-кылымдарда Гренадага Африкадан кулдар алып келинип, алар кофе плантацияларында иштешкен. 1838-жылы кулчулук расмий түрдө жоюлган. 1958–62-жылдары Гренада Вест-Индия федерациясынын курамында, 1967-жылы Гренада «Улуу Британия м-н ассоциацияланган мамлекет» деп жарыяланган. 1974-жылы 7-февралда Гренада көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1979-жылы өлкөдөгү мамлекеттик
Г-нын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Жанар тоо аралдарында жайгашкандыктан, рельефи тоолуу. Гренада а-нын борб. бөлүгүн токой каптаган тоо массиви ээлеп турат. Климаты деӊиздик-субэкватордук. Жылдык орт. темп-расы 26°С. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 1960 ''мм''. Жаанчыл мезгил май айынан баштап октябрга чейин. Июлдан октябрга чейин катуу шамалдар (ураган) болот. Нымдуу тропик токойлуу.  
Калкынын улуттук курамы: негрлер – 82%, мулаттар – 13%, европалыктар м-н индейлер 5%. Калкынын көбү христиандар (католиктер – 64%, протестанттар – 22%). Шаар калкы 32%. Эмгекке жарамдуу калктын көбү тейлөө кызматында иштейт. Калкынан орт. жыштыгы 1 ''км''<sup>2</sup> жерге 260 киши. Ири шаарлары: Сент-Жоржес, Маркус ж. б.  
Байыркы мезгилдерде Г-нын аймагын индей уруулары мекендеген. Г. 1498-ж. Христофор Колумб тарабынан ачылган. 1650-жылдан европалыктар келип отурукташа баштаган. 1665-ж. Г-нын аймагын француздар колонияга айландырышкан. 1762-жылдан Г. Франция м-н Улуу Британиянын ортосунда талашка түшкөн. 1783-жылдары Версаль макулдашуусу б-ча Британияга өткөн. 17–18-к-да Г-га Африкадан кулдар алып келинип, алар кофе плантацияларында иштешкен. 1838-ж. кулчулук расмий түрдө жоюлган. 1958–62-ж. Г. Вест-Индия федерациясынын курамында, 1967-ж. Г. «Улуу Британия м-н ассоциацияланган мамлекет» деп жарыяланган. 1974-ж. 7-февралда Г. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1979-ж. өлкөдөгү мамл.
[[File:ГРЕНАДА22.png | thumb | none]]
[[File:ГРЕНАДА22.png | thumb | none]]
төӊкөрүштүн натыйжасында М. Бишоп жетектеген соц. өкмөт бийликке келип, Куба ж. б. соц. мамлекеттер м-н кызматташкан. 1970-ж-дын аягында – 1980-ж-дын башында Г-га АКШ тарабынан саясий ж-а экон. бойкот жарыяланган. 1983-ж. Бишоптун өкмөтү кулатылып, өзү өлтүрүлгөн соң, Чыгыш-Кариб мамлекеттеринин колдоосу м-н АКШ Г-га кол салган. Бишоптун жакын саясатчылары камакка алынган ж-а кубалык. жумушчулар мекенине жөнөтүлгөн. 1984-ж. декабрда Г-да шайлоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы м-н Жаңы Улуттук партиянын лидери Г. О. Блей­з башында турган өкмөт түзүлгөн. 1985-ж. чет өлкөлүк аскерлер Г. аймагынан чыгарылган. Кийинки шайлоолордо (1990, 1995, 1999, 2003) Жаңы улуттук партия ж-а Улуттук демокр. конгресс шайлоочулардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болуп, 1995-жылдан Г-нын өкмөтүн К. К. Митчелл башкарып келет.  
төӊкөрүштүн натыйжасында М. Бишоп жетектеген социалисттик өкмөт бийликке келип, Куба ж. б. социалисттик мамлекеттер м-н кызматташкан. 1970-жылдын аягында – 1980-жылдын башында Гренадага АКШ тарабынан саясий ж-а экономикалык бойкот жарыяланган. 1983-жылы Бишоптун өкмөтү кулатылып, өзү өлтүрүлгөн соң, Чыгыш-Кариб мамлекеттеринин колдоосу м-н АКШ Гренадага кол салган. Бишоптун жакын саясатчылары камакка алынган ж-а кубалык. жумушчулар мекенине жөнөтүлгөн. 1984-жылы декабрда Гренадада шайлоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы м-н Жаңы Улуттук партиянын лидери Г. О. Блей­з башында турган өкмөт түзүлгөн. 1985-жылы чет өлкөлүк аскерлер Гренада аймагынан чыгарылган. Кийинки шайлоолордо (1990, 1995, 1999, 2003) Жаңы улуттук партия ж-а Улуттук демократиялык конгресс шайлоочулардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болуп, 1995-жылдан Гренаданын өкмөтүн К. К. Митчелл башкарып келет. Гренада – чет элдик туризм өнүккөн агрардык өлкө. Офшордук зона. Ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 млрд долларды (АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 11,2 миң доллардан туура келет. ИДПде айыл чарбанын үлүшү 11,9%; өнөр жайыныкы 6,4%. Гренада дүйнөдө мускат жаӊгагын өндүрүү боюнча 2-орунда турат. Мындан тышкары банан, какао-буурчак, цитрус өсүмдүктөрүн өстүрөт. Жыгач даярдоосу жакшы өнүккөнү м-н өнөр жайы начар өнүккөн (кайра иштетүү, тамак-аш, текстиль тармагы иштейт). 1993-жылы 65 млн ''кВт . с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Сыртка мускат жаӊгагын, какао, буурчак чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина ж-а анын жабдууларын, минералдык жер семирткич, кийим-кечек алат. Туризм – өлкөнүн киреше табуусунун негизги булагы. Негизги соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго. Темир жол түйүнү жок, автомобиль жолу – 1000 ''км'' (анын ичинен 638 ''км''и асфальтталган). Эл аралык аэропорту бар. Негизги порту – Сент-Жоржес. Аралда Вест-Индия университетинин факультети ачылган. Аз нускалуу бир нече гезит чыгат. Мамлекеттик радио ж-а телестанциялар (1986) иштейт.
Г. – чет элдик туризм өнүккөн агр. өлкө. Офшордук зона. Ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 млрд долларды (АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 11,2 миң доллардан туура келет. ИДПде а. ч-нын үлүшү 11,9%; өнөр жайыныкы 6,4%. Г. дүйнөдө мускат жаӊгагын өндүрүү б-ча 2-орунда турат. Мындан тышкары банан, какао-буурчак, цитрус өсүмдүктөрүн өстүрөт. Жыгач даярдоосу жакшы өнүккөнү м-н өнөр жайы начар өнүккөн (кайра иштетүү, тамак-аш, текстиль тармагы иштейт). 1993-ж. 65 млн ''кВт . с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Сыртка мускат жаӊгагын, какао, буурчак чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина ж-а анын жабдууларын, минералдык жер семирткич, кийим-кечек алат. Туризм – өлкөнүн киреше табуусунун негизги булагы. Негизги соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго. Темир жол түйүнү жок, автомобиль жолу – 1000 ''км'' (а. и. 638 ''км''и асфальтталган). Эл аралык аэропорту бар. Негизги порту – Сент-Жоржес. Аралда Вест-Индия ун-тинин факультети ачылган. Аз нускалуу бир нече гезит чыгат. Мамл. радио ж-а телестанциялар (1986) иштейт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:17, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГРЕНА́ДА – Кариб деӊизинин алабындагы Гренада аралы м-н бирге Түшт Гренадина архипелагы ж-а Кичи Антил аралдар тобунда жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Тринидад ж-а Тобаго, Венесуэла, түндүгүнөн Сент-Винсент ж-а Гренадина,

түндүк-батышынан Барбадос м-н деӊиз аркылуу чектешет. Кариб деӊизи ж-а Атлантика океаны чулгап турат. Аянты 344 км2 (Гренада аралыныкы 311 км2). Калкы 100,0 миӊ (2015). Борбору – Сент-Жоржес шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Административдик-аймактык жактан 7 районго бөлүнөт. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Гренада БУУнун (1974), Америка мамлекеттери уюмунун (1975), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1975), Кариб шериктештигинин мүчөсү. Гренада – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1984-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британиянын королевасы (анын жергиликтүү өкүлү – генерал-губернатор). Аткаруу бийлигин премьер-

Гренада аралынын түш.-батыш жээги.

министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Улуттук демократиялык конгресс, Гренаданын Бириккен лейбористтик партиясы, Улуттук партия, М. Бишоп атындагы патриоттук кыймыл. Гренаданын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Жанар тоо аралдарында жайгашкандыктан, рельефи тоолуу. Гренада аралынын борбордук бөлүгүн токой каптаган тоо массиви ээлеп турат. Климаты деӊиздик-субэкватордук. Жылдык орточо температурасы 26°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1960 мм. Жаанчыл мезгил май айынан баштап октябрга чейин. Июлдан октябрга чейин катуу шамалдар (ураган) болот. Нымдуу тропик токойлуу. Калкынын улуттук курамы: негрлер – 82%, мулаттар – 13%, европалыктар м-н индейлер 5%. Калкынын көбү христиандар (католиктер – 64%, протестанттар – 22%). Шаар калкы 32%. Эмгекке жарамдуу калктын көбү тейлөө кызматында иштейт. Калкынан орточо жыштыгы 1 км2 жерге 260 киши. Ири шаарлары: Сент-Жоржес, Маркус ж. б. Байыркы мезгилдерде Гренаданын аймагын индей уруулары мекендеген. Гренада 1498-жылы Христофор Колумб тарабынан ачылган. 1650-жылдан европалыктар келип отурукташа баштаган. 1665-жылы Гренаданын аймагын француздар колонияга айландырышкан. 1762-жылдан Гренада Франция м-н Улуу Британиянын ортосунда талашка түшкөн. 1783-жылдары Версаль макулдашуусу боюнча Британияга өткөн. 17–18-кылымдарда Гренадага Африкадан кулдар алып келинип, алар кофе плантацияларында иштешкен. 1838-жылы кулчулук расмий түрдө жоюлган. 1958–62-жылдары Гренада Вест-Индия федерациясынын курамында, 1967-жылы Гренада «Улуу Британия м-н ассоциацияланган мамлекет» деп жарыяланган. 1974-жылы 7-февралда Гренада көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1979-жылы өлкөдөгү мамлекеттик

төӊкөрүштүн натыйжасында М. Бишоп жетектеген социалисттик өкмөт бийликке келип, Куба ж. б. социалисттик мамлекеттер м-н кызматташкан. 1970-жылдын аягында – 1980-жылдын башында Гренадага АКШ тарабынан саясий ж-а экономикалык бойкот жарыяланган. 1983-жылы Бишоптун өкмөтү кулатылып, өзү өлтүрүлгөн соң, Чыгыш-Кариб мамлекеттеринин колдоосу м-н АКШ Гренадага кол салган. Бишоптун жакын саясатчылары камакка алынган ж-а кубалык. жумушчулар мекенине жөнөтүлгөн. 1984-жылы декабрда Гренадада шайлоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы м-н Жаңы Улуттук партиянын лидери Г. О. Блей­з башында турган өкмөт түзүлгөн. 1985-жылы чет өлкөлүк аскерлер Гренада аймагынан чыгарылган. Кийинки шайлоолордо (1990, 1995, 1999, 2003) Жаңы улуттук партия ж-а Улуттук демократиялык конгресс шайлоочулардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болуп, 1995-жылдан Гренаданын өкмөтүн К. К. Митчелл башкарып келет. Гренада – чет элдик туризм өнүккөн агрардык өлкө. Офшордук зона. Ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 млрд долларды (АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 11,2 миң доллардан туура келет. ИДПде айыл чарбанын үлүшү 11,9%; өнөр жайыныкы 6,4%. Гренада дүйнөдө мускат жаӊгагын өндүрүү боюнча 2-орунда турат. Мындан тышкары банан, какао-буурчак, цитрус өсүмдүктөрүн өстүрөт. Жыгач даярдоосу жакшы өнүккөнү м-н өнөр жайы начар өнүккөн (кайра иштетүү, тамак-аш, текстиль тармагы иштейт). 1993-жылы 65 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Сыртка мускат жаӊгагын, какао, буурчак чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина ж-а анын жабдууларын, минералдык жер семирткич, кийим-кечек алат. Туризм – өлкөнүн киреше табуусунун негизги булагы. Негизги соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго. Темир жол түйүнү жок, автомобиль жолу – 1000 км (анын ичинен 638 кми асфальтталган). Эл аралык аэропорту бар. Негизги порту – Сент-Жоржес. Аралда Вест-Индия университетинин факультети ачылган. Аз нускалуу бир нече гезит чыгат. Мамлекеттик радио ж-а телестанциялар (1986) иштейт.