ИММУНИТЕТ 2: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИММУНИТЕ́Т м а м л е к е т т и к – эл аралык укук принциби, жалпысынан алганда бир мамлекеттин башка бир мамлекетке карата бийлик кылуунун мүмкүн эместиги. Бул принцип кадимки укуктук нормадан – «тең менен теңдин ортосунда бийлик болбойт» дегенден келип чыккан. И-тин негизи – мамлекеттин эгемендүүлүгү. Мамлекеттердин эгемендүү теңдиги БУУнун Уставында белгиленген. И-тин жалпы жобосу б-ча мамлекет чет элдик сотко, мыйзамдарга,
чечимдерге баш ийбейт ж-а өз менчигинен айрыла албайт. Мамлекетке ж-а анын органдарына башка чет мамлекеттин соту доомат коё албайт. Чет мамлекет, анын органдары ж-а ага тийиштүү мүлк И-тен пайдаланат. И-тин абсолюттук ж-а чектелген түрү белгилүү. Мамлекет өз эгемендүүлүгүн толук сактаса абс. И. (мурдагы СССР, Кытай, Улуу Британия ж-а АКШнын сот практикаларында колдонулган), жеке адам алып бара турган ишти аткарса, чектелген И. деп эсептелет (20-к-дын 2-жарымында пайда болгон). О. эле И-тин консулдук И., күбө И., дипл. И. ж. б. түрлөрү бар.