ИМПЕРАТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИМПЕРА́ТОР (лат. imperātor – өкүмдар, impe- ro) – монарх даражасы. Алгач Байыркы Римде б. з. 1-к-нда Август ж-а анын мураскерлеринин тушунда И. монарх титулу катары айтыла баштаган. Батыш Рим империясы кулагандан кийин Чыгышта Византияда сакталган; Батышта 800-ж. Улуу Карл калыбына келтирген, кийин герман королу Оттон I кабыл алган. Кийинчерээк башка мамлекеттердин монархтары да И. деп аталышкан (Россияда – 1721–1918-ж., Австрияда – 1804–1918-ж., Германияда – 1871– 1918, Кытайда – 1911-ж. чейин, азыркы учурда Японияда ж. б.).