ИМПЕРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИМПЕ́РИЯ (лат. imperium – бийлик, мамле­кет) – 1) башында император турган кээ бир монархиялык мамлекеттердин аталышы. Кө­бүнчө курамына башка элдердин жерин зордоп кошуп алган аймагы кеңири мамлекет. Рим мам­лекети да б. з. ч. 1-к-дын аягынан И. атала баштаган. Кийинчерээк Византия, Франк мам­лекети да И. деп аталат. Падышалык Россия Пётр Iден (1721) монархия кулаганга чейин (1917) И. болгон. Наполеон IIIнүн тушунда Фран­ция, 1871-жылдан 1918-жылдагы рев-яга чейин Германия И. аталган; 2) бөтөн элди басып ал­ган аймагы зор ири мамлекет. И-ны метропо­лия ж-а карамагындагы жерлер түзөт (мис., Улуу Британия карамагындагы бардык жерле­ри м-н Британ И-сы деп аталган).