ИМПРЕССИОНИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИМПРЕССИОНИ́ЗМ</b> ( | <b type='title'>ИМПРЕССИОНИ́ЗМ</b> (французча impression – таасир) – XIX кылымдын үчүнчү чейреги – XX кылымдын башында искусстводо өкүм сүргөн багыт. 1860-жылдардын аягы – 1870-жылдардын башында француз жи­вописинде калыптанган. Импрессионизмдин жетик мезгилин­де (1870-жылдар ж-а 1880-жылдардын 1-жары­мы) искусствону жаңылоо, расмий салондук ака­демизмди жоюу үчүн күрөшкөн К. Моне, О. Ре­нуар, Э. Дега, К. Писсарро, А. Сислей, Б. Моризо сыяктуу сүрөтчүлөр 1874–1886-жылдар аралыгында 8 көргөзмө уюштурган. «Импрессионизм» деген термин К. Мо­ненин «Таасир. Чыгып келе жаткан күн» (1872) деген сүрөтү көргөзмөгө коюлгандан тартып пай­да болгон. Импрессионизм 1840–1860-жылдары классицизм, ро­мантизм жана академизм шарттуулугунан бошоп, күнүмдүк турмуш чындыгынын, жөнөкөй демок­ратчыл мотивдердин сулуулугун даңазалайт, сүрөттөлгөн көрүнүштүн жандуулугуна жетишет. Айлана-чөйрөдөгү түркүн түстөрдүн ажа­рын ачып, адам менен жаратылыштын биримди­гин көргөзөт. | ||
[[File:ИМПРЕССИОНИЗМ111.png | thumb | О. Ренуар. «Ложа». 1874. Курто институту (Лондон).]] | |||
[[File:ИМПРЕССИОНИЗМ112.png | thumb | П. П. Трубецкой. «Л. Н. Толстой ат үстүндө», 1899.]] | |||
Импрессионисттер көрүнүштөрдөгү кокустуктарга көбүрөөк көңүл бурушуп, фабу­ладан баш тарткан жана чыгармачылыгында алгачкы таасирди сактоого көңүл бурушкан. Импрессио­нисттер өз мезгилинде алгачкылардан болуп шаар турмушунун өзгөчөлүгүн ар тараптан көр­сөтүшкөн. Көрүнүштүн жаңылыгын сактоо үчүн татаал тондорду таза түстөргө бөлүп жиберүү ыкмасын иштеп чыгышкан, башкача айтканда таза түстөрдүн сүйкөмү көрүүчүнүн көз алдында аралашып жат­кан сыяктанат. 1880-жылдардын орто ченинде ммпрессионизм бир бүтүн система жана багыт катары өз мүмкүнчүлүгүн түгөтүп, искусствонун андан аркы эволюциясына жаңы түрткү берген. Кадыресе калыптанган импрессионизмдин чыгармалары ачык жана тур­мушка жакын болгону менен, көркөм каражаттар­дын баалуулугун өз алдынча кароого, чыгарма­нын формалдык структурасына көбүрөөк көңүл бөлгөн. 1880–1910-жылдары көп сүрөтчүлөргө (М. Либерман, Л. Коринт – Германияда; К. Ко­ровин, В. Серов, И. Грабарь – Россияда), айкелчилерге (Э. Дега, О. Роден – Франция­да; М. Россо – Италияда; П. Трубецкой, А. Голубкина – Россияда) таасир тийгизген. Импрессионизмдин салттары XX кылымдын искусствосунун реалисттик агымдарынан да кездешет. Сүрөт өнөрүндөгү ммпрессионизмдин айрым принциптери бирдиктүү көркөм система боло албаса да, адабият, музыка, театрдын көркөм каражаттарын өнүктүрүүгө таасир тий­гизген. | |||
д.: <i>Ревалд Дж.</i> История импрессионизма. М., 2002; Энциклопедия импрессионизма. М., 2005; Андреев Л. Г. Импрессионизм – empressionnisme: Видеть. | |||
<br>Чувствовать. Выражать. М., 2005. | <br>Чувствовать. Выражать. М., 2005. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
11:56, 10 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ИМПРЕССИОНИ́ЗМ (французча impression – таасир) – XIX кылымдын үчүнчү чейреги – XX кылымдын башында искусстводо өкүм сүргөн багыт. 1860-жылдардын аягы – 1870-жылдардын башында француз живописинде калыптанган. Импрессионизмдин жетик мезгилинде (1870-жылдар ж-а 1880-жылдардын 1-жарымы) искусствону жаңылоо, расмий салондук академизмди жоюу үчүн күрөшкөн К. Моне, О. Ренуар, Э. Дега, К. Писсарро, А. Сислей, Б. Моризо сыяктуу сүрөтчүлөр 1874–1886-жылдар аралыгында 8 көргөзмө уюштурган. «Импрессионизм» деген термин К. Моненин «Таасир. Чыгып келе жаткан күн» (1872) деген сүрөтү көргөзмөгө коюлгандан тартып пайда болгон. Импрессионизм 1840–1860-жылдары классицизм, романтизм жана академизм шарттуулугунан бошоп, күнүмдүк турмуш чындыгынын, жөнөкөй демократчыл мотивдердин сулуулугун даңазалайт, сүрөттөлгөн көрүнүштүн жандуулугуна жетишет. Айлана-чөйрөдөгү түркүн түстөрдүн ажарын ачып, адам менен жаратылыштын биримдигин көргөзөт.


Импрессионисттер көрүнүштөрдөгү кокустуктарга көбүрөөк көңүл бурушуп, фабуладан баш тарткан жана чыгармачылыгында алгачкы таасирди сактоого көңүл бурушкан. Импрессионисттер өз мезгилинде алгачкылардан болуп шаар турмушунун өзгөчөлүгүн ар тараптан көрсөтүшкөн. Көрүнүштүн жаңылыгын сактоо үчүн татаал тондорду таза түстөргө бөлүп жиберүү ыкмасын иштеп чыгышкан, башкача айтканда таза түстөрдүн сүйкөмү көрүүчүнүн көз алдында аралашып жаткан сыяктанат. 1880-жылдардын орто ченинде ммпрессионизм бир бүтүн система жана багыт катары өз мүмкүнчүлүгүн түгөтүп, искусствонун андан аркы эволюциясына жаңы түрткү берген. Кадыресе калыптанган импрессионизмдин чыгармалары ачык жана турмушка жакын болгону менен, көркөм каражаттардын баалуулугун өз алдынча кароого, чыгарманын формалдык структурасына көбүрөөк көңүл бөлгөн. 1880–1910-жылдары көп сүрөтчүлөргө (М. Либерман, Л. Коринт – Германияда; К. Коровин, В. Серов, И. Грабарь – Россияда), айкелчилерге (Э. Дега, О. Роден – Францияда; М. Россо – Италияда; П. Трубецкой, А. Голубкина – Россияда) таасир тийгизген. Импрессионизмдин салттары XX кылымдын искусствосунун реалисттик агымдарынан да кездешет. Сүрөт өнөрүндөгү ммпрессионизмдин айрым принциптери бирдиктүү көркөм система боло албаса да, адабият, музыка, театрдын көркөм каражаттарын өнүктүрүүгө таасир тийгизген.
д.: Ревалд Дж. История импрессионизма. М., 2002; Энциклопедия импрессионизма. М., 2005; Андреев Л. Г. Импрессионизм – empressionnisme: Видеть.
Чувствовать. Выражать. М., 2005.