ИНГАЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИНГАЛЯ́ЦИЯ (лат. inhalāre – дем алам) – дары заттарын организмге дем алуу аркылуу жиберүү. Абдан майдаланган дары заттар буунун же кысылган абанын агымы м-н ингалятордон оорулуунун дем алуу жолдоруна кирет. Инголятордун туруктуу (стационардык) ж-а көчмө түрү болот. И. врачтын көрсөтмөсү м-н гана мурунколко, кекиртек, бронх, өпкө ж. б. дем алуу органдарынын ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу үчүн колдонулат. Жекече пайдалануу үчүн ар кандай түзүлүштөгү портативдүү чөнтөк ингаляторлору бар, алардын айрымдары даяр дары аралашмасы м-н толтурулат. Жогорку дем алуу жолдорунун тамакты кургаткан айрым оорусунда буулоочу И-ны үйдөн (врачтын көрсөтмөсү м-н) жасоого болот.