ЖАПА-САЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:14, 22 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАПА-САЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ – биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта отурукташып жашаган, коло доо­рунун урууларына таандык билериктер. Алар томпок-катарыңкы колодон куюп жасалган ар­хеологиялык өзгөчө табылга. Ала-Бука районундагы Жа­пасалды кыштагынын жанынан табылган. Биле­риктердин учтары конус формасындагы спиралсай баймалдары менен кооздолуп, уркуюп чыгып турган кичиней мүйүзчөлөрдү элестетет. Диамет­ри 7, туурасы 1,6 см. Билериктер Түштүк Кыргызстанда жашаган уруулардын кооздук-асем буюмдары жөнүндө, ошондой эле колдонмо өнөрүнүн пайда болу­шунан маалымат берет. А. Абетеков.