ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
4 сап: | 4 сап: | ||
[[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО110.png | thumb | Пиксида. Лимож. Франция. Эрмитаж. Ленинград.]] | [[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО110.png | thumb | Пиксида. Лимож. Франция. Эрмитаж. Ленинград.]] | ||
Жасалга-кколдонмо көркөм искусствосуна көркөм даярдалган эмерек, идиш-аяк, кийим, килем, сайма, зер буюм, оюнчук жана башка буюмдар менен бирдикте оюм-чийим жазуулар, имараттын бет маңдайын жана ичин айкелдик жасалгалап кооздоо, каптооч карапа жана витраждар кирет. Станоктук живопистен айырмаланып, жасалга-кколдонмо көркөм искусство чыгармалары, эреже катары, буюмдун тиричиликте керектелиши менен болгон байланышын жоготпойт жана өзүнүн көркөм маңызын айлана-чөйрө менен бирдикте ачып көрсөтөт. Жасалга- | Жасалга-кколдонмо көркөм искусствосуна көркөм даярдалган эмерек, идиш-аяк, кийим, килем, сайма, зер буюм, оюнчук жана башка буюмдар менен бирдикте оюм-чийим жазуулар, имараттын бет маңдайын жана ичин айкелдик жасалгалап кооздоо, каптооч карапа жана витраждар кирет. Станоктук живопистен айырмаланып, жасалга-кколдонмо көркөм искусство чыгармалары, эреже катары, буюмдун тиричиликте керектелиши менен болгон байланышын жоготпойт жана өзүнүн көркөм маңызын айлана-чөйрө менен бирдикте ачып көрсөтөт. Жасалга-колдонмо көркөм искусствосунда кеңири колдо­нулган сюжеттик мотивдер өз алдынча турган­да эч кандай мааниге ээ эмес. Алар жасалга | ||
[[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО111.png | thumb | Люстра. 1790-жыл чен. Санкт-Петербург. «Павловск» музей ­коругу.]] | [[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО111.png | thumb | Люстра. 1790-жыл чен. Санкт-Петербург. «Павловск» музей ­коругу.]] | ||
милдети менен тыгыз байланышкан жана ансамбл­дин талаптарына ылайык анын техникасы менен материалынын өзгөчөлүктөрүн, буюмдун мил­детин чечмелеп турат. Ошондуктан анда станок живописинин чыгармаларына караганда шарт­туулукка көбүрөөк практикалык жол берилет. Жасалга- | милдети менен тыгыз байланышкан жана ансамбл­дин талаптарына ылайык анын техникасы менен материалынын өзгөчөлүктөрүн, буюмдун мил­детин чечмелеп турат. Ошондуктан анда станок живописинин чыгармаларына караганда шарт­туулукка көбүрөөк практикалык жол берилет. Жасалга-колдонмо көркөм искусство буюмдарынын кайра иштетилген маа­нидеги (эмерек, идиш-аяк, тиричилик буюмда­ры, кийим) жана көбүрөөк жасалгалык мүнөздөгү (саймалап жазуу, жасалга кездемелери жана башкалар) буюмдарын так ажыратып билүү зарыл. Бул эки түрдүн ортосунда кескин жана так бөлүнгөн чек жок, бирок ар биринин бир гана өзүнө таандык өзгөчө белгилери бар. Тиричиликте керектелүүчү буюмду көркөм жасалгалоо анын колдонмо милдети менен шайкеш болушу зарыл – бул жерде буюмдун эстетикалык сапаты анын кооздугу | ||
өзгөчө белгилери бар. Тиричиликте керектелүүчү буюмду көркөм жасалгалоо анын колдонмо милдети менен шайкеш болушу зарыл – бул жерде буюмдун эстетикалык сапаты анын кооздугу | |||
[[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО112.png | thumb | Диний «цам» майрамы үчүн маска. Моңголия. XIX–XX кылым. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.|left]] | [[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО112.png | thumb | Диний «цам» майрамы үчүн маска. Моңголия. XIX–XX кылым. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.|left]] |
08:03, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО – жасалга өнөрү, парк, имарат, турак жай жана башкаларды кооздоо үчүн пайдаланылуучу, кооз жана эстетикалык сапаттагы тиричилик буюмдарын жасап чыгаруучу көркөм өнөр.


Жасалга-кколдонмо көркөм искусствосуна көркөм даярдалган эмерек, идиш-аяк, кийим, килем, сайма, зер буюм, оюнчук жана башка буюмдар менен бирдикте оюм-чийим жазуулар, имараттын бет маңдайын жана ичин айкелдик жасалгалап кооздоо, каптооч карапа жана витраждар кирет. Станоктук живопистен айырмаланып, жасалга-кколдонмо көркөм искусство чыгармалары, эреже катары, буюмдун тиричиликте керектелиши менен болгон байланышын жоготпойт жана өзүнүн көркөм маңызын айлана-чөйрө менен бирдикте ачып көрсөтөт. Жасалга-колдонмо көркөм искусствосунда кеңири колдонулган сюжеттик мотивдер өз алдынча турганда эч кандай мааниге ээ эмес. Алар жасалга

милдети менен тыгыз байланышкан жана ансамблдин талаптарына ылайык анын техникасы менен материалынын өзгөчөлүктөрүн, буюмдун милдетин чечмелеп турат. Ошондуктан анда станок живописинин чыгармаларына караганда шарттуулукка көбүрөөк практикалык жол берилет. Жасалга-колдонмо көркөм искусство буюмдарынын кайра иштетилген маанидеги (эмерек, идиш-аяк, тиричилик буюмдары, кийим) жана көбүрөөк жасалгалык мүнөздөгү (саймалап жазуу, жасалга кездемелери жана башкалар) буюмдарын так ажыратып билүү зарыл. Бул эки түрдүн ортосунда кескин жана так бөлүнгөн чек жок, бирок ар биринин бир гана өзүнө таандык өзгөчө белгилери бар. Тиричиликте керектелүүчү буюмду көркөм жасалгалоо анын колдонмо милдети менен шайкеш болушу зарыл – бул жерде буюмдун эстетикалык сапаты анын кооздугу


менен эмес, ошол түрдүн максатка ылайыктуулугуна жараша чечилет; жасалга буюмдарда сюжеттик композицияларды кеңири жана эркин пайдаланууга көбүрөөк жол берилет. Станок живописи менен жасалга-кколдонмо көркөм искусствосунун ортосунда ортолук формалар (көркөм панно, гобелен, плафон, кооздук айкелдер) кеңири тараган. Булар архитектуралык бир бүтүндүктүн бөлүктөрү жана аны толуктап турат. Ошол эле учурда аларды өз алдынча көркөм чыгарма катары да кароого болот. Жасалга-кколдонмо көркөм искусствосу өзүнүн келип чыгыш тарыхы менен көркөм өнөр дүйнөсүнүн эң байыркы түрүнө кирет, ал кол өнөрчүлүктүн өзүнчө өндүрүштүк бир тармагы болуп бөлүнүп чыккан учурунан баштап, эл арасында узчулуктун түрү катары өнүгүп келген.