«ЖООДАРБЕШИМ»: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«ЖООДАРБЕШИМ»</b> – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. | <b type='title'>«ЖООДАРБЕШИМ»</b> – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. «Жоодарбешим» эл арасында мурдатан бел­гилүү болсо да, кийин (1940-жылы К. Суранчиев­ден, 1963-жылы О. Урмамбетовдон, 1968-жылы Майры­ковдон) үч варианты жазылып алынган. Азыр­кы күндө КР УИАнын кол жазмалар фондусун­да Орузбай Урмамбетов м-н Суранчиев Кал­чанын варианты гана сакталып турат. «Жоодарбешим» 1971-жылы Кыргызстандан, 1988-жылы Үрүмчүдөн араб ари­би м-н басылып чыккан. «Эр Төштүк» эпосунун түздөн-түз уландысы катары белгилүү. Поэманын баш каарманы Жоодарбешим – Төштүктүн | ||
1971- | |||
түздөн-түз уландысы катары белгилүү. Поэманын баш каарманы Жоодарбешим – Төштүктүн | |||
уулу. Дастанда Эр Төштүктүн ишке ашпай кал­ган максаты – кара күчтүн символу болгон Чоюн алптын кекчил баласы Темир алптын өлтүрү­лүшү баяндалат. «Эр Төштүк» эпосундагыдай эле мында да Темир алптын жаны Алтын баштуу ак аркардын ичиндеги жумурткадай сандыкка салынган алты кучкачта болот. Аны алуу үчүн Жоодарбешимдин жортуулу башталып, окуялар чиеленет. Поэма жеңиш м-н аяктап, Жоо­дарбешим элине кайтып келип, кайрымдуу хан болот. ­ | |||
Ад.: ''Суванбеков Ж''. Кыргыз элинин баатырдык эпостору. Ф., 1963; Кыргыз элинин оозеки чыгар­мачылыгынын тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Ф., 2004. | Ад.: ''Суванбеков Ж''. Кыргыз элинин баатырдык эпостору. Ф., 1963; Кыргыз элинин оозеки чыгар­мачылыгынын тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Ф., 2004. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
09:07, 14 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
«ЖООДАРБЕШИМ» – кыргыз элинин баатырдык дастаны. «Жоодарбешим» эл арасында мурдатан белгилүү болсо да, кийин (1940-жылы К. Суранчиевден, 1963-жылы О. Урмамбетовдон, 1968-жылы Майрыковдон) үч варианты жазылып алынган. Азыркы күндө КР УИАнын кол жазмалар фондусунда Орузбай Урмамбетов м-н Суранчиев Калчанын варианты гана сакталып турат. «Жоодарбешим» 1971-жылы Кыргызстандан, 1988-жылы Үрүмчүдөн араб ариби м-н басылып чыккан. «Эр Төштүк» эпосунун түздөн-түз уландысы катары белгилүү. Поэманын баш каарманы Жоодарбешим – Төштүктүн
уулу. Дастанда Эр Төштүктүн ишке ашпай калган максаты – кара күчтүн символу болгон Чоюн алптын кекчил баласы Темир алптын өлтүрүлүшү баяндалат. «Эр Төштүк» эпосундагыдай эле мында да Темир алптын жаны Алтын баштуу ак аркардын ичиндеги жумурткадай сандыкка салынган алты кучкачта болот. Аны алуу үчүн Жоодарбешимдин жортуулу башталып, окуялар чиеленет. Поэма жеңиш м-н аяктап, Жоодарбешим элине кайтып келип, кайрымдуу хан болот.
Ад.: Суванбеков Ж. Кыргыз элинин баатырдык эпостору. Ф., 1963; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Ф., 2004.