ГРОЗНЫЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГРО́ЗНЫЙ ''' – Чечен Респ-нын борбор шаары. Сунжа д-нын өрөөнүндө ж-а андагы дөӊсөөлөрдүн капталдарында жайгашкан. 1944-жылдан 1957-ж. чейин Грозный обл-нун адм. борбору. Калкы 324,6 миӊ (2021). Темир жол тоому. 1818-ж. орус чеби катары пайда болгон. 1870-ж. чеп стратегиялык маанисин жоготуп, шаар аталган. 1893-ж. Г. аркылуу өткөн Беслан — Махачкала темир жолу курулган. Ошол жылдан шаарга жакын жерден нефть казылып алынат. Г. 20-к-дын башынан Түн. Кавказдагы ири өнөр жайлуу аймакка айланган. Нефть ажыратуу, нефть-хим., хим. (ацетилен, фенол, жасалма спирт, полиэтилен, ашатуучу ар кандай каражаттар), тамак-аш (консерва, шарап-коньяк, сүт-май, эт), жеӊил (тигүү, бут кийим), курулуш материалдары, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн жабдуу) өнүккөн. Үч ЖОЖ (а. и. ун-т), 2 драма (улуттук, орус), куурчак театрлары, филармония, край таануу, мамл. сүрөт музейи бар. 1994–96-ж. ж-а 1998–2000-ж. согуштун кесепетинен катуу жабыркаган.
'''ГРО́ЗНЫЙ ''' – Чечен Республикасынын борбор шаары. Сунжа дарыясынын өрөөнүндө ж-а андагы дөӊсөөлөрдүн капталдарында жайгашкан. 1944-жылдан 1957-жылга чейин Грозный облусунун административдик борбору. Калкы 324,6 миӊ (2021). Темир жол тоому. 1818-жылы орус чеби катары пайда болгон. 1870-жылы чеп стратегиялык маанисин жоготуп, шаар аталган. 1893-жылы Грозный аркылуу өткөн Беслан — Махачкала темир жолу курулган. Ошол жылдан шаарга жакын жерден нефть казылып алынат. Грозный 20-кылымдын башынан Түндүк Кавказдагы ири өнөр жайлуу аймакка айланган. Нефть ажыратуу, нефть-химия, химия (ацетилен, фенол, жасалма спирт, полиэтилен, ашатуучу ар кандай каражаттар), тамак-аш (консерва, шарап-коньяк, сүт-май, эт), жеӊил (тигүү, бут кийим), курулуш материалдары, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн жабдуу) өнүккөн. Үч ЖОЖ (анын ичинде университет), 2 драма (улуттук, орус), куурчак театрлары, филармония, край таануу, мамлекеттик сүрөт музейи бар. 1994–96-жылдары ж-а 1998–2000-жылдары согуштун кесепетинен катуу жабыркаган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:47, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГРО́ЗНЫЙ – Чечен Республикасынын борбор шаары. Сунжа дарыясынын өрөөнүндө ж-а андагы дөӊсөөлөрдүн капталдарында жайгашкан. 1944-жылдан 1957-жылга чейин Грозный облусунун административдик борбору. Калкы 324,6 миӊ (2021). Темир жол тоому. 1818-жылы орус чеби катары пайда болгон. 1870-жылы чеп стратегиялык маанисин жоготуп, шаар аталган. 1893-жылы Грозный аркылуу өткөн Беслан — Махачкала темир жолу курулган. Ошол жылдан шаарга жакын жерден нефть казылып алынат. Грозный 20-кылымдын башынан Түндүк Кавказдагы ири өнөр жайлуу аймакка айланган. Нефть ажыратуу, нефть-химия, химия (ацетилен, фенол, жасалма спирт, полиэтилен, ашатуучу ар кандай каражаттар), тамак-аш (консерва, шарап-коньяк, сүт-май, эт), жеӊил (тигүү, бут кийим), курулуш материалдары, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн жабдуу) өнүккөн. Үч ЖОЖ (анын ичинде университет), 2 драма (улуттук, орус), куурчак театрлары, филармония, край таануу, мамлекеттик сүрөт музейи бар. 1994–96-жылдары ж-а 1998–2000-жылдары согуштун кесепетинен катуу жабыркаган.