ИШИМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИШИМ – Казакстан м-н Россиядагы дарыя, Иртыштын сол куймасы. Уз. 2450 км, алабынын аянты 177 миң км2. Сары-Аркадан башталат. Жогорку бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агып, Астана ш-нан төмөн карай өрөөнү кеңийт. Ишим талаасына чыкканда сандаган эски нуктары бар жайылма, төмөнкү бөлүгү саз аркылуу агат. Орт. чыгымы чатынан 215 км жогору 56,3 м3/сек. Жазында катуу ташкындайт. Ноябрдын башынан апрель-майга чейин тоңот. Петропавловск ш-нан жогору карай 270 км аралыкта ж-а Викулов кыш-нан чатына чейин кеме жүрөт. Вячеславский ж-а Сергеевский суу сактагычтары эл чарбасын суу м-н камсыз кылуу ж-а сугат үчүн курулган. Боюнда Астана, Державинск, Есил, Петропавловск (Казакстан), Ишим ш. (Россия) жайгашкан.