ЙЕЛЛОУСТОН УЛУТТУК ПАРКЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЙЕ́ЛЛОУСТОН УЛУТТУК ПАРКЫ – АКШнын түн.-батышында (Вайоминг, Монтана ж-а Айдахо штаттарында) 1872-ж. дүйнөдө биринчи уюшулган корук. Аскалуу тоолордогу жанартоо платолорунда жайгашкан. 2200–2500 м бийикте. Аянты 9 миң км2. Баткактуу жанартоолор, гейзерлер (3000 миңден ашык) көп. Гейзерлердин бийикт. 90 мге (Экселиор) жетет. Йеллоустон д-нда тереңдиги 360 м, уз. 20 кмге жеткен чоң капчыгай (каньон), бийикт. 34 ж-а 94 м болгон шаркыратма бар. Ийне жалбырактуу токой (мырза карагай, көк карагай, карагай ж. б.) каптап жатат. Айбанаттары: бизон, кара аюу (барибал), бугу, күрөң аюу (гризли), багыш, ача мүйүз, аркар, койот ж. б., куштардан – ак баш, суу бүркүт, ак бир казан ж. б. (200 түр) бар. Туризмдин борбору. Туристтер июнь–август айларында көп келет.