КААДА-САЛТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КААДА-САЛТ – кандайдыр бир элдин турмуш­тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум норма­лары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. К.-с. улут пайда болгонго чейин эле узак мөөнөт жашап келген, белгилүү геогр. чөйрөгө ж-а та­рыхый шарттарга байланыштуу калыптанган, ар бир элдин, этностук топтун, улуттун ичинде гана салыштырмалуу туруктуулукка ээ ж-а бир муундан экинчи муунга тынымсыз өтүп, коом­дук пикирдин күчү м-н аткарылып ж-а сакта­лып турат. К.-с. адегенде диний түшүнүктө, кийин социалдык ж-а күндөлүк жашоо-турмуш­ка ыңгайлашып, байыркы замандан бери оңдо­луп-түздөлүп, өзүнө мүнөздүү туруктуу жөрөл­гөлөр м-н коштолуп, акырындап элдин салты­на айланат. Кыргыз элинин К.-с-тары көчмөндүк шартта тектеш этностук-маданий чөйрөнүн өз ара байланышында ж-а таасиринде түзүлүп, олуттуу өзгөрүүлөр (диний түшүнүктөрдө, сөөк коюу каадасында, социалдык мамилелерде ж. б.) м-н жаңыланып ж-а өркүндөтүлгөн. Кыргыздар­дын үрп-адаттары м-н К.-с-тары мазмуну б-ча бай ж-а этностук-маданий комплекс болуп са­налат. Анда ар кандай тарыхый доорлордо, со­циалдык-экон. ж-а маданий өнүгүүнүн ар кан­дай деңгээлдеринде пайда болгон үрп-адаттар м-н К.-с-тар жуурулган. Үрп-адат м-н К.-с-тар­ды идеол. чагылдыруу синкреттик мүнөздө бол­гон: алардан ислам салт-санаалары м-н бирге исламга чейинки ишенимдердин, сыйынуулар­дын ж-а үрп-адаттардын бүтүндөй катмарын көрүүгө болот. К.-с-тарды ж-а үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт. К.-с. адамдын өмүр мерчемин, социалдык ма­милелерди, мад-ттын материалдык объектиле­рин ж. б. өзүнө камтып, баланын төрөлүшү (сүйүнчү, көрүндүк, ат коюу, жентек, бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу ж. б.), кыз берүү, келин алуу, бел куда, бешик куда, куда­лашуу (тогуздап калың берүү, сөйкө салуу, күйөөлөө, жар көрүшүү, кыз оюн, кыз узатуу, келин көрүү, нике кыюу, өкүл ата, өкүл эне да­йындоо, отко киргизүү, төркүлөтүү, сеп берүү ж. б.), сөөк коюу, эскерүү (кабар айтуу, тул көтөрүү, кара кийүү, өкүрүү, конок алуу, сөөк жуу, кепиндөө, узатуу, сөөк коюу, мүчө тара­туу, жыртыш берүү, кара аш, үчүлүк, жетилик,


кыркылык, жылдык аш, жыт чыгаруу, куран окутуу ж. б.), календарлык салт (Нооруз тосуу, аластоо, Орозо айт, Курман айт өткөрүү ж. б.), көч, конок күтүү, тартуу берүү (эски журтта түлөө берүү, өрүлүктөө ж. б.), турак жай (үй көтөрүү, там салуу, үй тою ж. б.), күндөлүк жашоо-ти­ричилик (мал багуу, жер айдоо, түшүм алуу ж. б.), кийим-кечек (ак калпак, кандагай, ке­ментай, ичик, тон, топу, тебетей, шөкүлө, эле­чек, белдемчи, кемсел ж. б.), тамак-аш (айран, жуурат ж. б. сүт азыктары, бешбармак, жөргөм ж. б. эт азыктары, көжө, максым ж. б. дан азыктары, боорсок, көмөч ж. б. нан азыктары, кымыз, бозо ж. б. суусундук ичимдиктер) ж. б. байланыштуу бир нечеге бөлүнөт. Кыргыз эли­нин үрп-адаттары, К.-с-тары ж-а материалдык мад-ты анын улуттук этностук өзгөчөлүгүн аныктайт.

А. Көчкүнов.