КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ – элдик салттарга байланыштуу чыгарылган ырлар. К.-с. ы. оозеки поэзияда, дастандардын, эпостордун көркөм структурасында кеңири учурайт. Жалпысынан мындай чыгармаларда элдин каада-салты, тилек-ниети чагылдырылат. Мис., кургакчылыкта мындай айтым м-н жамгыр тилешкен: Күн жаа, күн жаа, Күндөн күнгө көп жаа, Карагай башын кайра жаа, Арча шагын айра жаа, Чекенде башын черте жаа, Чийдин башын ийип жаа, Төө куйрукка уюп жаа, Төгүп-төгүп куюп жаа, Ашкана толгон ак болсун, Малга жыргал бак болсун! Береке нур чачылсын, Бейли элдин ачылсын! Малдын, жандын ырысы, Жаан жаап турушу. Көксөп жүргөн элдердин Жамгыр болот ырысы! К.-с. ы. той ырлары, бешик ырлары, керээз ырлары, жарамазан, кошок ж. б. жанрларга бөлүнөт.