КАВКАЗ МИНЕРАЛДУУ СУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАВКА́З МИНЕРАЛДУУ СУУЛАРЫ – Ставрополь крайындагы белгилүү бальнеол., климаттык курорттордун тобу (Ессентуки, Железноводск, Кисловодск, Пятигорск). Ставрополь дөңсөөсү м-н Чоң Кавказдын түн. капталынын аралыгында. Мында минералдуу суунун 130дан ашык булагы, илээшкек баткактын (Тамбукан көлү) ири запасы бар. 1992-ж. К. м. с-на Россиянын өзгөчө коргоого алынган экол.-курорттуу аймагы деген статус берилген. Бардык курорттору бири-бири м-н автомобиль ж-а т. ж. м-н байланышат; Минеральные Воды ш-нда аэропорт бар.