КАГАЗ МАШИНАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАГАЗ МАШИНАСЫ – кагаз массасынын суу кошулган аралашмасынан кагаз ж-а картондун айрым түрлөрүн жасоочу агрегат. Бул машина жалпак ж-а тегерек тордуу (цилиндрлүү) болуп айырмаланат. Ж а л п а к тордуу машинада кагаздын негизги түрү, ал эми т е г е р е к тордуу машинада кагаз м-н картондун айрым түрү иштеп чыгарылат. К. м. килкилдек буладан чубама кагаз тилкесин жасоочу, суусун сарыктыруучу тордон, кагаз тилкесин ныктагычтан, кургаткычтан ж-а жылтыратуучу, тыгыздап жылм ал оочу , тү рм өк тө өчү, жас ал галоочу бөлүктөрдөн турат. Даяр кагаз массасы насостун жардамы м-н бассейнге жиберилет, андан машинанын тордуу бөлүгүнө өткөрүлүп, анын
бетине текши жайылтат. Тор кыймылда болгондуктан, суу сарыгып, тордун бетинде кагаз тилкеси пайда болот. Ал тилке андан ары ныктагыч бөлүккө берилип, кагаз тилкесинин калган суусу сыгып чыгарылат ж-а абдан тыгыздалат. Мындан кийин кагаз кургаткыч бөлүккө, ичине буу жиберилүүчү 2 катар орнотулган айланма цилиндирге оролуп кургатылат. Жасал-

галоочу бөлүктө жалтыратылып, жылмакайланып, даяр кагаз түрмөктөлөт. Кагаздын ар бир сорту үчүн машинанын кагаз тилкесин түзүүчү эни ж-а өзүнчө ылдамдыгына жараша болот. Эни кууш (1,6–4,2 м) К. м-нда өтө жука, атайын тех., фото ж-а документ кагаздары, кеңири эндүү (6 мден ашык) машинада газета басылуучу ж-а баштык жасалуучу кагаз даярдалат.