КАЗАКОВ Түгөлбай: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАЗАКОВ Түгөлбай (2. 1. 1951-ж. т., Талас р-ну, Көпүрө-Базар айылы) – обончу, аткаруучу, композитор, акын. Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1981), КРдин эл арт. (2005), Кырг-н жазуучулар союзунун мүчөсү

(2007). Б. Бейшеналиева атн. КМИИни бүткөн (1973). Ысык-Көл р-ндук мад-т үйүнүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссё- ру (1973–76), Каракол мамл. пед. ин-тунда кафедра башчысы (1976–79), Кыргыз мамл. телерадиокомитетинин редактору, башкы редактору (1979–92), 1990-ж. Кырг-н өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, КР телерадиокорпорациясынын төрагасы (1992–93), КР маданият министринин биринчи орун басары (1993–96), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005–07), УТРКда «Ибарат» борборунун продюсери (2007–09), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын Башкы редактору. Чыг-лыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу катары да таанымал. 70тен ашык обондун автору. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» ж. б. ырларга, о. эле «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмаларга, 30га жакын даректүү фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ырлар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын автору. Жаш кинематографисттердин респ. конкурстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь ш.), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв ш.) лауреаты. Сомалиде (1977), Швецияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР мад-т күндөрүнүн катышуучусу. К-дун «Жамгыр» ж. б. ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кытай, Казакстан ырчыларынын репертуарларынан орун алган.