КАЗЫНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

КАЗЫНА – 1) хан, падыша, эмир, бектердин акча ж. б. кымбат баалуу буюмдары сакталуу­чу жай; 2) борборлошкон мамлекеттин финан­сылык байлыгынын жалпы өлчөмү; 3) архео­логияда көмүлгөн кенч же кандайдыр бир жа­шыруун жерге катылган алтын, акча ж. б. кым­бат баалуу буюмдар. Эң байыркы К-ларга соң­ку таш доору ж-а жез доорунан калган эмгек куралдары ж-а согуш курал-жарактары, коло доорундагы К-га согушка колдонгон ж. б. сал­танат, шаан-шөкөт үчүн жасалган кооз буюм­дар, эмгек куралдары кирген.