КАЙРАГАЧ ТУРГУН ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
КАЙРАГАЧ ТУРГУН ЖАЙЫ – б. з. 1–6-к-на таандык археол. эстелик. Лейлек аймагындагы Кайрагач кыш-на жакын Кожо-Бакырган-Сай суусунун сол өйүзүндөгү кууш тектирчеде жай-

гашкан. Ал төрт чарчы үлгүсүндө, 6 бөлмөдөн турган имарат. Ар кандай мезгилдерде курулган турак жайлар, чарбалык ж-а сыйынуучу жайлар бирдиктүү арх-ралык комплексти түзөт. Ар кандай көлөмдөгү бөлмөлөрдүн бардыгы коридорго тегерете курулган. Бөлмөлөрдүн аянты 13–15 м2, айрымдары гана 25 м2. Имараттын астында түштүктөн түндүктү карай төмөндөп, сууга чыккан тепкичтүү өткөөлү, чыгыш бөлүгүндө көлмөлөрү бар чоң короосу, борб. бөлүгүндө 5 бөлмөдөн турган храм болгон, алардын үчөө биринен бирине өтүүчү эшик аркылуу байланышкан. Имарат суу м-н жакшы камсыз кылынып турган. Адамдардын ар кандай бейнелери, бетине тамга басылган карапа идиштер ж-а терең кудук табылган. Эстеликти 1958-ж. археолог Ю. А. Заднепровский ачып, 1969-ж. Г. А. Брыкина изилдеген.