«КАЙЫҢДЫ-КАНТ»: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
«КАЙЫҢДЫ-КАНТ» (Кайыңды кант заводу) – ачык акционердик коом (1995). 1958-жылдан баштап курула баштаган. 1963-ж. алгачкы кант чыгарылган. 1964–67-ж. эмгек коллективи түзүлүп, адистер даярдалган, тажрыйба топтолгон, жабдууларды өздөштүрүү ж-а орнотуу иштери жүргүзүлгөн. 1968-ж. завод кант кызылчасын кайра иштетүүнүн суткалык кубаттуулугун жогорулаткан. Бул жылы ишкананын коллективи кызылчадан кант өндүрүүнү өздөштүрүп, алгачкы 14000 т кант чыгарган. Кызылчаны кайра иштетүүчү жабдууну, а. и. өркүндөтүлгөн диффузиондук аппараттарды реконстукциялоо башталган, натыйжада өндүрүмдүүлүк 50%ке жогорулаган. 1971-жылдан өндүрүшкө жаңы техниканы киргизүү б-ча иштер улантылган. 1987-ж. чакмак канттарды таңгактоочу автоматтар иштей баштаган. Учурда (2009) кумшекер чыгарууда.