«КАЛЕВАЛА»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

«КА́ЛЕВАЛА» – карел-финн элинин эпосу. Перт­тунен ж. б. айтуучулардан жазылып алынган. Ал карел, ижор ж-а финн ырларынын негизин­де финн илимпозу Э. Лённрот 19-к-дын 1-жа­рымында бир түрдүү баяндоо формасына кел­тирген. Эпостун биринчи композициясы (32 рун) 1835-ж., экинчиси (50 рун) 1849-ж. басылган. Эпосто элдик муз. аспап – кантелени ойлоп тапкан Вяйнямёйнендин, эл жыргалчылыгынын символу болгон сыйкырдуу тегирмен Сампону салган уста Ильмеринендин, баатыр Лемминкяй­нендин, бадачы Куллервонун образдары жогорку көркөмдүктө түзүлгөн. «К.» – амер. акын Р. Лон­гфеллонун «Гайават жөнүндө ыр» поэмасынын жаралышына, эстон элинин «Калевипоэг» эпо­сунун кайрадан иштеп чыгышына таасири тий­ген. «К.» дүйнөнүн көп тилдерине которулган. 1949-ж. 100 жылдык мааракеси өткөрүлгөн.


Ад.: Киуру Э. С., Мишин А. И. Фольклорные истоки «Калевалы». Петрозаводск, 2001.