ИБСЕН Генрих: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page ИБСЕН to ИБСЕН Генрих) |
(Айырма жок)
|
08:40, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
И́БСЕН Генрик (20. 3. 1828, Норвегия, Шиен – 23. 5. 1906, Кристиания) – норвег драматургу. Чыгармачылыгын 1844-жылы ыр жазуудан баштаган. Алгачкы драмасы – «Катилина» (1950). Берген шаарында туңгуч элдик театрды (1852–57), Кристианиядагы норвег театрын (1857–1862) жетектеген. Анын ошол кездеги жазган жана сахнага коюлган пьесаларынын ичинен «Эстроттон чыккан Фру Ингер» (1855–1857) тарыхый драмасы менен «Сульхаугедеги той» (1856) драмасы өзгөчө мааниге ээ.

1864–1891-жылдары Италияда, Германияда жашап, буржуазиялык турмушту ашкерелеген пьесаларды жазган: «Сүйүү комедиясы» (1862), «Так талашуу» (1864), «Бранд» (1866), «Пер Гюнт» (1867). «Чөйрөнүн төбөлдөрү» (1877), «Куурчак үй» (1879), «Арбактар» (1881), «Эл душманы» (1882), «Жапайы өрдөк» (1884), «Гедда Габлер» (1890), «Сольнес куруучу» (1892) жана башкалар. Ибсендин драматургиясы – XIX кылымдын 70–80-жылдарындагы Батыш Европа адабиятынын туу чокуларынын бири. Анын чыгармачылыгы дүйнөлүк драматургияга жана театрга зор таасир тийгизген.
Ад.: Судья и строитель. Писатели России и Запада о Г. Ибсене. М., 2004.