ГЕРБ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕРБ (пол. herb, нем. erbe – мурас дегенден) – символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айырмалуу белги. Г. мамлекетке, жерге таандык (шаардык, облустук, аймактык), уруулук, корпорациялык болуп бөлүнөт. Г. монета (тыйын), о. эле өз менчиги экендигин бел-


гилөө үчүн арх-ралык курулуштарга, үй эмеректерине, курал-жарактарга, иск-во чыгармаларына, кол жазмаларга, китептерге түшүрүлөт. Байыртадан эле уруулук ж-а жеке менчикти белгилөө максатында славяндарда ар кандай белгилер, түрк элдеринде, монгол ж. б. калктарда тамгалар пайдаланылган. Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлөрүндө дайыма кайталанып түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы Г-дин жаралышын шарттаган. Б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта Шумер мамлекетинде Г. арстан баштуу бүркүт, Египеттики жылан, Персияныкы бүркүт, Байыркы Грекияда: Афиныныкы үкү, Коринфтики канаттуу жылкы, Родостуку атыр гүл, Самостуку тоо ж. б. болгон. О. кылымдардан шаарлардын азыркыга чейин сакталып калган Г-дери (Флоренциянын кызыл лилиясы, Венециянын канаттуу арстаны, Лондондун кылыч ж-а калканы ж. б.) пайда болгон. Тирүү жандыктарды тартууга тыюу салынган мусулман өлкөлөрүндө Г-дерге оймо-чиймелер түшү- рүлгөн. Россияда 12-к-да шаарлардын көбүнүн (Москва, Новгород, Псков ж. б.) Г-и болсо, дворяндардын алгачкы Г-и 16–17-к-да пайда болуп, 18-к-да кеӊири тарала баштаган. СССР мезгилинде Совет мамлекетинин расмий эмблемасы ж-а анын курамындагы 15 союздук респ-лардын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон. Кырг-н эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин анын мамл. атрибуттары да (Г-и, гимни, желеги) жаӊыланды, к. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.