ГЕРБЕРТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРБЕ́РТ Иоганн Фридрих (4. 5.1776, Ольденбург – 14. 8. 1841, Гёттинген) – немец психологу, педагог ж-а философ. Йена ун-тин бүтүргөн. Гёттинген ж-а Кёнигсберг ун-ттеринин проф. Г. дүйнө түзүлүшүнүн негизинде өзгөрбөс «реалдардын» көптүгү жатат деп эсептеген. Психологияны метафизикага, тажрыйбага ж-а математикага таянган системалуу илим катары түзүүгө аракет кылган. Көркөм дүйнө окуусунда формалдуу эстетика тармагынын (асылдыктын булагы: симметрия, пропорция, ыргак ж. б.) негиз салуучуларынын бири. Анын пед. теориясы философияга ж-а психологияга негизделген. Г. баланы тарбиялоо процессинде башкаруу ишине кеӊири басым жасаган. Тарбиялоо баланын эркин башкаруу, мажбурлоо, дене тарбиясы аркылуу ишке ашарын белгилеген. Г-тын окутуу системасы психикалык процесстер м-н түшүндүрүлүп, ал төрт баскычтан (айкындык, ассоциация, система, метод) турат. Бул система 19-к-дын 2-жарымында окутуу ж-а тарбиялоо теориясына чоӊ таасир тийгизген. Г-тын пикири б-ча адеп-ахлак тарбиясы балага окутуу аркылуу берилет, ал кийин автоматтык түрдө жүрүм-турумга өтөт. Г. «тарбиялоону окутуу» деген түшүнүктү киргизген, «Метафизиканын башкы пункттары» (1805), «Тарбия максаттарынын негизиндеги жалпы педагогика» (1806), «Педагогикалык окуунун очерки» (1835) өӊдүү чыгармалардын автору.