ВАРМЕТР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАРМ́ЕТР – өзгөрмө токтун электр тизмегиндеги реактивдүү кубаттуулукту өлчөөчү прибор: кубаттуулук Q=UIsin формуласы м-н берилет, мында U – чыӊалуу, I – электр тогунун күчү,  алардын ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. Негизинен өнөр жайлык жыштыктагы (50 Гц) үч фазалуу өзгөрмө ток тизмегинде колдонулат ж-а ваттметрдей схемада туташтырылат. В-дин негизин электр ченегич механизм (адатта электр-динамикалык же ферродинамикалык система) ж-а В-дин көрсөтүүсүнүн sinj чоӊдугуна пропорциялуулугун камсыз кылуучу электр схемасы түзөт.