ЖЫРТКЫЧ КУШТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЫРТКЫЧ КУШТАР</b> (Aceipitres) – куштар түркүмү. Түрдүү чоңдукта. Эң чоңу <i>жорулар</i>. Дене узундугу  1 <i>м</i>, канатын жайгандагы жазылыгы 2,75 – 3 <i>м</i>, кичинесиники (кидик шумкарлар) 1,5 <i>см&shy;д</i>ей. Тумшугу учтуу төмөн карай ийилген. Күч&shy;түү манжалары, курч тырмактары м-н табыл&shy;гасын кармап жейт. Бут, төш булчуң ж-а көрүү, угуу органдары жакшы өөрчүгөн. Жырткыч куштар  тири&shy;чилигин көбүнчө күндүз өткөрөт. Ал кемирүү&shy;чүлөр, майда канаттуулар, сойлоочулар, балык&shy;тар, үлүл, курт-кумурска ж-а таштанды, тарп м-н азыктануучулар болуп, 2 түркүмчөгө бөлү-

[[File:ЖЫРТКЫЧ КУШТАР138.png | thumb | Жырткыч куштар: 1 – карчыга куш; 2 – кулаалы; 3 – кызыл айры куйрук; 4 – бүркүт; 5 – ак баш суу бүркүт.]]
[[File:ЖЫРТКЫЧ КУШТАР138.png | thumb | Жырткыч куштар: 1 – карчыга куш; 2 – кулаалы; 3 – кызыл айры куйрук; 4 – бүркүт; 5 – ак баш суу бүркүт.]]

09:42, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРТКЫЧ КУШТАР (Aceipitres) – куштар түркүмү. Түрдүү чоңдукта. Эң чоңу жорулар. Дене узундугу 1 м, канатын жайгандагы жазылыгы 2,75 – 3 м, кичинесиники (кидик шумкарлар) 1,5 см­дей. Тумшугу учтуу төмөн карай ийилген. Күч­түү манжалары, курч тырмактары м-н табыл­гасын кармап жейт. Бут, төш булчуң ж-а көрүү, угуу органдары жакшы өөрчүгөн. Жырткыч куштар тири­чилигин көбүнчө күндүз өткөрөт. Ал кемирүү­чүлөр, майда канаттуулар, сойлоочулар, балык­тар, үлүл, курт-кумурска ж-а таштанды, тарп м-н азыктануучулар болуп, 2 түркүмчөгө бөлү-

Жырткыч куштар: 1 – карчыга куш; 2 – кулаалы; 3 – кызыл айры куйрук; 4 – бүркүт; 5 – ак баш суу бүркүт.

нөт. Кээ бири ылгабай азыктанат. Булар Жер шарынын бардык жеринде (Антарктидадан баш­ка) таралган. Айрымдары тургун, кээси келгин куштар. Жырткыч куштардын ургаачылары жылына 1–7 жумуртка тууп, шумкарлар 28, жорулар 55 күн басып, балапан чыгарат. КМШ өлкөлөрүнүн ай­магында Жырткыч куштардын 44, Кыргызстаннда 30дай түрү ке­зигет. Алардын ичинен зыяндуулары (кыргый, бөктөргө ж. б.), ошондой эле зыяндуу кемирүүчүлөрдү, курт-кумурскаларды жеп токой ж-а айыл чарбасына пай­да келтирүүчүлөрү да бар. Жырткыч куштар омурткалуу жа­ныбарлардын санын (мисалы, зыяндуу кемирүү­чүлөрдү) жөнгө салып турат.