ЖЫТ СЕЗҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЫТ СЕЗҮҮ</b> – жаныбарлар ж-а адамдын жыт  билдиргич клеткаларынын жардамы м-н жыт ажыратуу клеткалары аркылуу түрдүү жытты туюусу. Туюнуу жыт сездиргич рецепторлор ар&shy;кылуу мээнин чоң жарым шарынан жыт бөлүгүнө (зонага) өткөрүп, ал жерде жыт ажы&shy;ратылып таанылат. Мурун көңдөйүнүн былжыр  челинде эбегейсиз көп жыт билдиргич рецептор&shy;лор жайгашкан (к. <i>Жыт сезүү органдары</i>). Жыт сезүү рецепторлоруна жыт дем алганда мурун көңдөйү аркылуу барат. Тамакты чайнап, жу&shy;тарда анын жыты каңылжаарга өтүп, ооз көң&shy;дөйү аркылуу таралат. Ар кимдин жыт  сезүү  анали&shy;заторлору ар түрдүү. Кээ бирөөнүкү абдан жак&shy;шы өөрчүсө, айрымдарда начар өөрчүгөн. Мисалы,
<b type='title'>ЖЫТ СЕЗҮҮ</b> – жаныбарлар ж-а адамдын жыт  билдиргич клеткаларынын жардамы м-н жыт ажыратуу клеткалары аркылуу түрдүү жытты туюусу. Туюну жыт сездиргич рецепторлор ар&shy;кылуу мээнин чоң жарым шарынан жыт бөлүгүнө (зонага) өткөрүп, ал жерде жыт ажы&shy;ратылып таанылат. Мурун көңдөйүнүн былжыр  челинде эбегейсиз көп жыт билдиргич рецептор&shy;лор жайгашкан (к. <i>Жыт сезүү органдары</i>). Жыт сезүү рецепторлоруна жыт дем алганда мурун көңдөйү аркылуу барат. Тамакты чайнап, жу&shy;тарда анын жыты каңылжаарга өтүп, ооз көң&shy;дөйү аркылуу таралат. Ар кимдин жыт  сезүү  анали&shy;заторлору ар түрдүү. Кээ бирөөнүкү абдан жак&shy;шы өөрчүсө, айрымдарда начар өөрчүгөн. Мисалы, адамда, маймылда ж-а кушта начар, ал эми азы&shy;гын жыты м-н табуучу жаныбарлардын жыт сезүү  органдары абдан күчтүү өөрчүгөн. Иттин жыт сезүү  органдары адамдыкына караганда 10 000 эсе күчтүү, аңчы ит 800–1000 <i>м</i> аралыкта бөдөнө же өрдөктүн жытын сезет. Көп жаныбар жыт кубалап тамак таап жешет, душманы келе жат&shy;канын туят. Эгер түрдүү жыттар көпкө чейин таасир этсе, жыт рецепторлору ошол жытка көнөт. Улгайган адамдын жыт  сезүүсү начарлайт, ал эми кош бойлуу аялдардыкы күчөйт.
 
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]
адамда, маймылда ж-а кушта начар, ал эми азы&shy;гын жыты м-н табуучу жаныбарлардын жыт сезүү  органдары абдан күчтүү өөрчүгөн. Иттин жыт сезүү  органдары адамдыкына караганда 10 000 эсе күчтүү, аңчы ит 800–1000 <i>м</i> аралыкта бөдөнө же өрдөктүн жытын сезет. Көп жаныбар жыт кубалап тамак таап жешет, душманы келе жат&shy;канын туят. Эгер түрдүү жыттар көпкө чейин таасир этсе, жыт рецепторлору ошол жытка көнөт. Улгайган адамдын жыт  сезүүсү начарлайт, ал эми кош бойлуу аялдардыкы күчөйт. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]

09:50, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫТ СЕЗҮҮ – жаныбарлар ж-а адамдын жыт билдиргич клеткаларынын жардамы м-н жыт ажыратуу клеткалары аркылуу түрдүү жытты туюусу. Туюну жыт сездиргич рецепторлор ар­кылуу мээнин чоң жарым шарынан жыт бөлүгүнө (зонага) өткөрүп, ал жерде жыт ажы­ратылып таанылат. Мурун көңдөйүнүн былжыр челинде эбегейсиз көп жыт билдиргич рецептор­лор жайгашкан (к. Жыт сезүү органдары). Жыт сезүү рецепторлоруна жыт дем алганда мурун көңдөйү аркылуу барат. Тамакты чайнап, жу­тарда анын жыты каңылжаарга өтүп, ооз көң­дөйү аркылуу таралат. Ар кимдин жыт сезүү анали­заторлору ар түрдүү. Кээ бирөөнүкү абдан жак­шы өөрчүсө, айрымдарда начар өөрчүгөн. Мисалы, адамда, маймылда ж-а кушта начар, ал эми азы­гын жыты м-н табуучу жаныбарлардын жыт сезүү органдары абдан күчтүү өөрчүгөн. Иттин жыт сезүү органдары адамдыкына караганда 10 000 эсе күчтүү, аңчы ит 800–1000 м аралыкта бөдөнө же өрдөктүн жытын сезет. Көп жаныбар жыт кубалап тамак таап жешет, душманы келе жат­канын туят. Эгер түрдүү жыттар көпкө чейин таасир этсе, жыт рецепторлору ошол жытка көнөт. Улгайган адамдын жыт сезүүсү начарлайт, ал эми кош бойлуу аялдардыкы күчөйт.