ЖЕРГЕ-ТАЛ ( Нарын районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖЕРГЕ-ТАЛ 3 to ЖЕРГЕ-ТАЛ ( Нарын районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
10:19, 15 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын районундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 39 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 151 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 2907 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, китепкана, оорукана, дарыкана, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Кыштакта илимпоз философ А. Табалдиев туулган.