ГЕТЕРОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕТЕРОГРА́ФИЯ (гр. htteros – башка, бөлөк, grapho – жазам) – жазуу ыкмасы; кээде сөздүн бөлүгү (негизи) же сүйлөм бир тилде жазылып, окуганда башка тилге өтүшү (башка тилде окулушу). Г. биринчи жолу Месопотамияда колдонулган. Шумер клинопистеринде сөздүн негизин идеограммалар м-н, ал эми кызматчы сөздөрдү ж-а аффикстерди муун белгилери м-н жазышкан. Мис., аккад жазуусунда сөздүн негизи мурункудай эле (шумерлердикиндей эле) калып, аффикстер, кызматчы сөздөр муун түрүндө аккад тилине тиешелүү белгилер аркылуу берилген; ал эми идеограммаларды окуганда аккаддыктардын белгилерине алмаштырылган. Кийинчерээк аккад тилинде муун жазууларын түзүшкөн, бирок көп колдонулуучу сөздөр, канцеляриялык формулалар, кудайлардын аттары ж. у. с. идеограммалар аркылуу шумер тилинде өзгөрүлбөстөн эле жазылган. Мындай гетерограммалар толугу м-н аккад тилинде окулган. Андан кийин кээ бир тексттер (жоруу, ырымжырымдар, хроникалар) Г-лар м-н жазылган. Иран тилдүү өлкөлөрдө б. з. ч. 4-к. – б. з-дын 7-к-нда үнсүздөрдүн ордуна Г-ларды колдонушкан. Ахемениддердин державасында катчылар расмий ишкагаздарын, документтерди арамей тилинде жүргүзүп, жогорку төбөлдөргө иран тилинде окуп беришкендиктен, Г-ды колдонуунун практикалык муктаждыктары келип чыккан.