ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОГОРКУ КЕҢЕШ</b> – КРдин парламенти, мый­зам чыгаруу бийлигинин ж-а өз ыйгарым укук­тарынын чегинде контролдук кылуу функция­ларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. Партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат. Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жа­раны ЖКнын депутаты болуп шайлана алат. ЖК депутаттарын шайлоо тартиби мыйзам м-н аныкталат. ЖК депутаттары ант берген күндөн ыйгарым укуктарга ж-а милдеттерге ээ болушат. ЖК – КРдин мыйзам чыгаруу бийлиги болуп эсептелет. ЖК өзүнүн ыйгарым укугунун чегин­де Конституцияга өзгөртүүлөрдү ж-а толуктоо­лорду киргизет, мыйзамдарды кабыл алат, респ­убликанын бюджетин бекитет, КРдин административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет. Президенттик шайлоону дайындайт, Премьер-министрдин су­нушу боюнча Өкмөттүн түзүмүн бекитет, Президент­тин сунушу б-ча Конституциялык соттун, Жо­горку соттун судьяларын шайлайт ж-а кызма­тынан бошотот, башкы прокурорду дайындоо­го макулдук берет. ЖК Улуттук банктын, Эсеп­төө палатасынын төрагаларын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт. Ошондой эле эл аралык ке­лишимдерди ратификациялайт ж-а денонсация­лайт, өзгөчө абалды киргизет, мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат. ЖК өз курамынан ЖКнын төрагасын, анын орун басарларын шайлайт. ЖК депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убак­тылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт. Мыйзам чыгаруу демилге укугу: 30 миң шайлоо­чуга (элдик демилгеге), Президентке, ЖКнын де­путаттарына ж-а Өкмөткө таандык. ЖКнын сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат ж-а сентябрдын алгачкы жумуш күнүнөн тар­тып, келерки жылдын июнунун акыркы жу­муш күнүнө чейин жүргүзүлөт. ЖКнын кезек­сиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же ЖКнын депутаттарынын кеминде үчтөн бири­нин сунушу боюнча ЖКнын төрагасы тарабынан | <b type='title'>ЖОГОРКУ КЕҢЕШ</b> – КРдин парламенти, мый­зам чыгаруу бийлигинин ж-а өз ыйгарым укук­тарынын чегинде контролдук кылуу функция­ларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. Партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат. Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жа­раны ЖКнын депутаты болуп шайлана алат. ЖК депутаттарын шайлоо тартиби мыйзам м-н аныкталат. ЖК депутаттары ант берген күндөн ыйгарым укуктарга ж-а милдеттерге ээ болушат. ЖК – КРдин мыйзам чыгаруу бийлиги болуп эсептелет. ЖК өзүнүн ыйгарым укугунун чегин­де Конституцияга өзгөртүүлөрдү ж-а толуктоо­лорду киргизет, мыйзамдарды кабыл алат, респ­убликанын бюджетин бекитет, КРдин административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет. Президенттик шайлоону дайындайт, Премьер-министрдин су­нушу боюнча Өкмөттүн түзүмүн бекитет, Президент­тин сунушу б-ча Конституциялык соттун, Жо­горку соттун судьяларын шайлайт ж-а кызма­тынан бошотот, башкы прокурорду дайындоо­го макулдук берет. ЖК Улуттук банктын, Эсеп­төө палатасынын төрагаларын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт. Ошондой эле эл аралык ке­лишимдерди ратификациялайт ж-а денонсация­лайт, өзгөчө абалды киргизет, мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат. ЖК өз курамынан ЖКнын төрагасын, анын орун басарларын шайлайт. ЖК депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убак­тылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт. Мыйзам чыгаруу демилге укугу: 30 миң шайлоо­чуга (элдик демилгеге), Президентке, ЖКнын де­путаттарына ж-а Өкмөткө таандык. ЖКнын сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат ж-а сентябрдын алгачкы жумуш күнүнөн тар­тып, келерки жылдын июнунун акыркы жу­муш күнүнө чейин жүргүзүлөт. ЖКнын кезек­сиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же ЖКнын депутаттарынын кеминде үчтөн бири­нин сунушу боюнча ЖКнын төрагасы тарабынан | ||
чакырылат. ЖКнын жыйналышы ага ЖК депу­таттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катыш­са, ыйгарым укуктуу болот. ЖК, анын иштөө тартиби, ыйгарым укуктары ж. б. КРдин Кон­ституциясынын төртүнчү главасында (54–67-ста­тья) каралган. 1917-жылдын октябрынан 1990-жылга чейин СССР парламенттик республика катары эсептелип, БАКтын төрагасы эч кандай реалдуу ыйгарым укугу болбосо да, мамлекеттин жетекчиси ка­тары саналган. Иш жүзүндө компартия үстөмдүк жүргүзгөн. БАК Советтердин съездинде шайлан­ган. | чакырылат. ЖКнын жыйналышы ага ЖК депу­таттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катыш­са, ыйгарым укуктуу болот. ЖК, анын иштөө тартиби, ыйгарым укуктары ж. б. КРдин Кон­ституциясынын төртүнчү главасында (54–67-ста­тья) каралган. 1917-жылдын октябрынан 1990-жылга чейин СССР парламенттик республика катары эсептелип, БАКтын төрагасы эч кандай реалдуу ыйгарым укугу болбосо да, мамлекеттин жетекчиси ка­тары саналган. Иш жүзүндө компартия үстөмдүк жүргүзгөн. БАК Советтердин съездинде шайлан­ган. 1936-ж. СССРдеги конституциялык рефор­мадан кийин Советтердин съезди – Жогорку Совет, съезддин делегаттары – Жогорку Совет­тин депутаттары, БАК – Жогорку Советтин Пре­зидиуму болуп өзгөртүлүп, Жогорку Совет мамлекеттик бийликтин жогорку органы катары өз ишин жылына эки жолу өткөрүлүүчү сессияларда ишке ашырган. Ал эми Жогорку Советтин сессияла­рынын аралыгындагы мезгилде Жогорку Совет­тин Президиуму башкарган. Ал Жогорку Совет тарабынан шайланган. Бийликтин ушундай уюштурулган курамы союздук республикалар­да ж-а автономиялуу түзүлүштөрдө, анын ичинде Кыргызстан­да да иштеген. Кара-Кыргыз АОсунун уюшту­рулушу м-н облустук аткаруу комитетитинин башкаруу органдары түзүлгөн ж-а жетекчилери шайлан­ган. Кыргыз АОсу 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи болуп кайрадан түзүлгөн. Кыр­гыз АССРинин I уюштуруу съезди 1927-жылдын 7–12-мартында болуп, анын ишине 231 делегат катышкан. Делегаттардын көпчүлүгү ком­партиянын өкүлдөрүнөн (192 киши) турган, жалпы делегаттардын 116сы дыйкан, 43ү жу­мушчу, 58и кызматчы, 12си аскер адамдары болгон. Делегаттар Кыргыз АССРинин БАКын ж-а алгачкы мамлекеттик аткаруу бийлиги (Өкмөт­тү) – Эл Комиссарлар Советин (ЭКС) түзүшкөн. 1936-жылы Советтер Союзунда конституциялык ре­форма жүргүзүлүп, СССРдин жаңы Конститу­циясына ылайык Кыргызстан автономиялуу респ­убликадан союздук республикага айландырылган. 1938-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо өткөрүл­гөн. Ага шайлоочулардын 98,23%и катышкан. Кыргызстандын республикалык бийлик түзүлүшүнүн тарыхын­да биринчи жолу жашыруун, жалпы, тең ж-а тике добуш берүү м-н шайлоо жүргүзүлгөн. Кыр­гыз ССР Жогорку Советине 284 депутат 5 жыл­дык мөөнөткө шайланган. Республиканын Жогорку Советине кийинки шайлоолор Улуу Ата Мекен­дик согушка байланыштуу токтоп калып, 1947-жылдын февраль айында гана өткөрүлгөн. Де­путаттар 4 жылга, 1950-жылдан беш жылга шайланган. Кыргыз ССРинин акыркы 1990-жылы шайланган Жогорку Совети «легендарлуу пар­ламент» катары тарыхта калды. Бул Кыргызстандын акыркы советтик парламенти эгемендүү Кыргыз мамлекетинин жаңы Конституциясы боюнча Жо­горку Кеңеш аталып, жаңы парламент катары ишин улантып, сессияларда гана эмес, дайыма иштөөчү бир палаталуу өкүлчүлүктүү мамлекеттик жогорку орган болуп калган. Легендарлуу пар­ламенттин депутаттары Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө (15. 12. 1990) ж-а Мамлекеттик көз каранды эме­стик жөнүндө (31. 8. 1991) декларацияларды, жаңы Конституцияны (5-май, 1993-жыл) кабыл алыш­кан, өлкөнүн биринчи президентин шайлаш­кан, республиканын жаңы мамлекеттик туусун, мамлекеттик гер­бин, гимнин бекиткен, ЖКнын атынан кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун мыйзамдаштыр­ган, ошондой эле экономикалык эгемендүүлүктүн нукура белги­си улуттук акча – сом киргизилген. 1994-жылы сен­тябрда легендарлуу ЖК өзүн-өзү таркаткан. 1994-жылы 22-октябрда өткөрүлгөн Бүткүл элдик референдумдун натыйжасында ЖК эки палата­луу өкүлчүлүктүү орган болуп калган. 1995-жылы 5-февралдагы шайлоодо кош палаталуу жаңы парламент түзүлгөн. Б и р и н ч и чакырылы­шында ЖКнын жогорку палатасы – Мыйзам чыгаруу жыйынына – 35 депутат ж-а төмөнкү палатасы – Эл өкүлдөр жыйынына – 70 депу­тат кирген. Кийинчерээк мамлекеттик маанилүү масе­лелерди кабыл алууда кооптуу жагдайлардын келип чыгуу мүмкүндүгү эске алынып, Мый­зам чыгаруу жыйынында 60ка, Эл өкүлдөр жы­йынында депутаттардын санын 45ке жеткирүү каралып, бардыгы 105 депутат болушу белги­ленет. Ушул сан тартиби боюнча ЖКнын э к и н­ч и чакырылышына шайлоо 2000-жылдын фев­раль–март айларында болуп өткөн. КРдин Кон­ституциясынын жаңы редакциясында (2003) курамы 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүү каралып, ЖКнын ү ч ү н ч ү чакырылышынын депутаттары ушул тартипте 2005-жылы февралда шайланган. Бийлик бутакта­рынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам 2007-жылдын 21-октябрында КРдин Кон­ституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүлгөн. Консти­туциянын жаңы редакциясына ылайык кура­гы 25тен кем эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны өз партиясынын курултайы су­нуштаган тизме боюнча ЖКга депутаттыкка талап­керлигин коё алат. ЖКнын т ө р т ү н ч ү чакырылышы партиялык тизме аркылуу өткөрүлүп (24. 12. 2007), анда 90 депутат шайланган. Шай­лоодо «Ак Жол» элдик партиясы 71 депутат­тык орунга, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 11, Кыргызстандын коммунисттер партиясы 8 орун­га ээ болгон. ЖКда 3 депутаттык фракция тү­зүлүп, 12 тармактык комитет иштеген. 2010-жылы 14- апрелде КРдин Убактылуу өкмөтүнүн атайын декрети м-н ЖКнын төртүнчү чакырылышынын иши токтотулган.<br>К ы р г ы з п а р л а м е н т и н ж е т е к ­т е г е н д е р: Кара-Кыргыз (Кыргыз) АО БАКтын алгачкы төрагасы, кийин Кыргыз АССР БАК, Кыргыз ССР БАКтын төрагасы А. Орозбе­ков (27. 3. 1925–12. 3. 1927; 12. 3. 1927–5. 12.1936; 5. 12. 1936–16. 9. 1937), М. И. Ус (16. 9.1937–37), М. Туганбаева (1937– 4. 10. 37), С. Ша­мурзин (4. 10. 1937–29. 11. 37), И. Ф. Соколов (29. 11. 1937–28. 2. 38), М. Салихов (28. 2. 1938– 8. 5. 38); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и ­н и н П р е з и д и у м у н у н т ө р а г а л а р ы: А. Толубаев (19. 7. 1938–22. 3. 43), М. Токобаев (22. 3. 1943–14. 11. 45), Т. Кулатов (14. 11. 1945– 25. 8. 78), С. Ибраимов (25. 8. 1978–4. 12. 78), А. А. Бусс (22. 12. 1978–10. 1. 79), А. Дүйшеев (10. 1. 1979–14. 1. 81), Т. Х. Кошоев (14. 1. 1981– 8. 8. 87), Т. Акматов (8. 8. 1987–10. 4. 90), А. Масалиев (10. 4. 1990 – 11. 12. 1990); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и­ н и н п р е д с е д а т е л д е р и: И. П. Боряк (1938–40), К. Жаналиев (1940–47), А. Сүйөрку­лов (1947–50), Б. Мамбетов (1950–53), К. Ди­камбаев (1953–55), К. Каракеев (1955–58), А. Казакбаев (1958–59, 1961–63), Т. Усубалиев (1959–61), А. Токомбаев (1963–64), Б. Мурата­лиев (1964–71), Б. Жамгырчинов (1971–75), С. Табышалиев (1975–80), Т. Аскаров (1980–85), Т. Садыков (1985–90). К Р Ж К н ы н т ө р а г а л а р ы: КР ЖКнын төрагасы М. Шеримкулов (11. 12. 1990 – 13. 9. 94). Эки палаталуу парламент мезгилиндеги (1995–2005) КР ЖКнын Эл өкүлдөр жыйыны­нын төрагалары: А. Матубраимов (28. 3. 1995– 26. 11. 1997), А. Эркебаев (26. 11. 1997– 12. 4. 2000), А. А. Бөрүбаев (18. 4. 2000–24. 3. 2005), М. О. Мукашев (24–25. 3. 2005). КР ЖКнын Мый­зам чыгаруу жыйынынын төрагалары: М. Ш. Чол­понбаев (29. 3. 1995–15. 11. 1997), У. Мукамбаев (15. 11. 1997 – 14. 4. 2000), А. Эркебаев (14. 4. 2000 – 24. 3. 2005), И. Д. Кадырбеков (24 – 25. 2005). Бир палаталуу парламент мезгилинде­ги (март 2005) КР ЖКнын төрагалары: Ө. Ч. Те­кебаев (28. 3. 2005–2. 3. 2006), М. А. Султанов (2. 3. 2006–23. 10. 2007), А. К. Мадумаров (24. 12. 2007 – 25. 5. 2008), А. С. Тагаев (29. 5. 2008 –17. 12. 2009), З. К. Курманов (24. 12. 2009 – 14. 2010-ж.). | ||
<i>К. Раматов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
07:53, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ – КРдин парламенти, мыйзам чыгаруу бийлигинин ж-а өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу функцияларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. Партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат. Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны ЖКнын депутаты болуп шайлана алат. ЖК депутаттарын шайлоо тартиби мыйзам м-н аныкталат. ЖК депутаттары ант берген күндөн ыйгарым укуктарга ж-а милдеттерге ээ болушат. ЖК – КРдин мыйзам чыгаруу бийлиги болуп эсептелет. ЖК өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү ж-а толуктоолорду киргизет, мыйзамдарды кабыл алат, республиканын бюджетин бекитет, КРдин административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет. Президенттик шайлоону дайындайт, Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн түзүмүн бекитет, Президенттин сунушу б-ча Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын шайлайт ж-а кызматынан бошотот, башкы прокурорду дайындоого макулдук берет. ЖК Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт. Ошондой эле эл аралык келишимдерди ратификациялайт ж-а денонсациялайт, өзгөчө абалды киргизет, мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат. ЖК өз курамынан ЖКнын төрагасын, анын орун басарларын шайлайт. ЖК депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт. Мыйзам чыгаруу демилге укугу: 30 миң шайлоочуга (элдик демилгеге), Президентке, ЖКнын депутаттарына ж-а Өкмөткө таандык. ЖКнын сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат ж-а сентябрдын алгачкы жумуш күнүнөн тартып, келерки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт. ЖКнын кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же ЖКнын депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча ЖКнын төрагасы тарабынан
чакырылат. ЖКнын жыйналышы ага ЖК депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, ыйгарым укуктуу болот. ЖК, анын иштөө тартиби, ыйгарым укуктары ж. б. КРдин Конституциясынын төртүнчү главасында (54–67-статья) каралган. 1917-жылдын октябрынан 1990-жылга чейин СССР парламенттик республика катары эсептелип, БАКтын төрагасы эч кандай реалдуу ыйгарым укугу болбосо да, мамлекеттин жетекчиси катары саналган. Иш жүзүндө компартия үстөмдүк жүргүзгөн. БАК Советтердин съездинде шайланган. 1936-ж. СССРдеги конституциялык реформадан кийин Советтердин съезди – Жогорку Совет, съезддин делегаттары – Жогорку Советтин депутаттары, БАК – Жогорку Советтин Президиуму болуп өзгөртүлүп, Жогорку Совет мамлекеттик бийликтин жогорку органы катары өз ишин жылына эки жолу өткөрүлүүчү сессияларда ишке ашырган. Ал эми Жогорку Советтин сессияларынын аралыгындагы мезгилде Жогорку Советтин Президиуму башкарган. Ал Жогорку Совет тарабынан шайланган. Бийликтин ушундай уюштурулган курамы союздук республикаларда ж-а автономиялуу түзүлүштөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да иштеген. Кара-Кыргыз АОсунун уюштурулушу м-н облустук аткаруу комитетитинин башкаруу органдары түзүлгөн ж-а жетекчилери шайланган. Кыргыз АОсу 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи болуп кайрадан түзүлгөн. Кыргыз АССРинин I уюштуруу съезди 1927-жылдын 7–12-мартында болуп, анын ишине 231 делегат катышкан. Делегаттардын көпчүлүгү компартиянын өкүлдөрүнөн (192 киши) турган, жалпы делегаттардын 116сы дыйкан, 43ү жумушчу, 58и кызматчы, 12си аскер адамдары болгон. Делегаттар Кыргыз АССРинин БАКын ж-а алгачкы мамлекеттик аткаруу бийлиги (Өкмөттү) – Эл Комиссарлар Советин (ЭКС) түзүшкөн. 1936-жылы Советтер Союзунда конституциялык реформа жүргүзүлүп, СССРдин жаңы Конституциясына ылайык Кыргызстан автономиялуу республикадан союздук республикага айландырылган. 1938-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо өткөрүлгөн. Ага шайлоочулардын 98,23%и катышкан. Кыргызстандын республикалык бийлик түзүлүшүнүн тарыхында биринчи жолу жашыруун, жалпы, тең ж-а тике добуш берүү м-н шайлоо жүргүзүлгөн. Кыргыз ССР Жогорку Советине 284 депутат 5 жылдык мөөнөткө шайланган. Республиканын Жогорку Советине кийинки шайлоолор Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу токтоп калып, 1947-жылдын февраль айында гана өткөрүлгөн. Депутаттар 4 жылга, 1950-жылдан беш жылга шайланган. Кыргыз ССРинин акыркы 1990-жылы шайланган Жогорку Совети «легендарлуу парламент» катары тарыхта калды. Бул Кыргызстандын акыркы советтик парламенти эгемендүү Кыргыз мамлекетинин жаңы Конституциясы боюнча Жогорку Кеңеш аталып, жаңы парламент катары ишин улантып, сессияларда гана эмес, дайыма иштөөчү бир палаталуу өкүлчүлүктүү мамлекеттик жогорку орган болуп калган. Легендарлуу парламенттин депутаттары Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө (15. 12. 1990) ж-а Мамлекеттик көз каранды эместик жөнүндө (31. 8. 1991) декларацияларды, жаңы Конституцияны (5-май, 1993-жыл) кабыл алышкан, өлкөнүн биринчи президентин шайлашкан, республиканын жаңы мамлекеттик туусун, мамлекеттик гербин, гимнин бекиткен, ЖКнын атынан кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун мыйзамдаштырган, ошондой эле экономикалык эгемендүүлүктүн нукура белгиси улуттук акча – сом киргизилген. 1994-жылы сентябрда легендарлуу ЖК өзүн-өзү таркаткан. 1994-жылы 22-октябрда өткөрүлгөн Бүткүл элдик референдумдун натыйжасында ЖК эки палаталуу өкүлчүлүктүү орган болуп калган. 1995-жылы 5-февралдагы шайлоодо кош палаталуу жаңы парламент түзүлгөн. Б и р и н ч и чакырылышында ЖКнын жогорку палатасы – Мыйзам чыгаруу жыйынына – 35 депутат ж-а төмөнкү палатасы – Эл өкүлдөр жыйынына – 70 депутат кирген. Кийинчерээк мамлекеттик маанилүү маселелерди кабыл алууда кооптуу жагдайлардын келип чыгуу мүмкүндүгү эске алынып, Мыйзам чыгаруу жыйынында 60ка, Эл өкүлдөр жыйынында депутаттардын санын 45ке жеткирүү каралып, бардыгы 105 депутат болушу белгиленет. Ушул сан тартиби боюнча ЖКнын э к и нч и чакырылышына шайлоо 2000-жылдын февраль–март айларында болуп өткөн. КРдин Конституциясынын жаңы редакциясында (2003) курамы 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүү каралып, ЖКнын ү ч ү н ч ү чакырылышынын депутаттары ушул тартипте 2005-жылы февралда шайланган. Бийлик бутактарынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам 2007-жылдын 21-октябрында КРдин Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүлгөн. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык курагы 25тен кем эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны өз партиясынын курултайы сунуштаган тизме боюнча ЖКга депутаттыкка талапкерлигин коё алат. ЖКнын т ө р т ү н ч ү чакырылышы партиялык тизме аркылуу өткөрүлүп (24. 12. 2007), анда 90 депутат шайланган. Шайлоодо «Ак Жол» элдик партиясы 71 депутаттык орунга, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 11, Кыргызстандын коммунисттер партиясы 8 орунга ээ болгон. ЖКда 3 депутаттык фракция түзүлүп, 12 тармактык комитет иштеген. 2010-жылы 14- апрелде КРдин Убактылуу өкмөтүнүн атайын декрети м-н ЖКнын төртүнчү чакырылышынын иши токтотулган.
К ы р г ы з п а р л а м е н т и н ж е т е к т е г е н д е р: Кара-Кыргыз (Кыргыз) АО БАКтын алгачкы төрагасы, кийин Кыргыз АССР БАК, Кыргыз ССР БАКтын төрагасы А. Орозбеков (27. 3. 1925–12. 3. 1927; 12. 3. 1927–5. 12.1936; 5. 12. 1936–16. 9. 1937), М. И. Ус (16. 9.1937–37), М. Туганбаева (1937– 4. 10. 37), С. Шамурзин (4. 10. 1937–29. 11. 37), И. Ф. Соколов (29. 11. 1937–28. 2. 38), М. Салихов (28. 2. 1938– 8. 5. 38); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и н и н П р е з и д и у м у н у н т ө р а г а л а р ы: А. Толубаев (19. 7. 1938–22. 3. 43), М. Токобаев (22. 3. 1943–14. 11. 45), Т. Кулатов (14. 11. 1945– 25. 8. 78), С. Ибраимов (25. 8. 1978–4. 12. 78), А. А. Бусс (22. 12. 1978–10. 1. 79), А. Дүйшеев (10. 1. 1979–14. 1. 81), Т. Х. Кошоев (14. 1. 1981– 8. 8. 87), Т. Акматов (8. 8. 1987–10. 4. 90), А. Масалиев (10. 4. 1990 – 11. 12. 1990); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и н и н п р е д с е д а т е л д е р и: И. П. Боряк (1938–40), К. Жаналиев (1940–47), А. Сүйөркулов (1947–50), Б. Мамбетов (1950–53), К. Дикамбаев (1953–55), К. Каракеев (1955–58), А. Казакбаев (1958–59, 1961–63), Т. Усубалиев (1959–61), А. Токомбаев (1963–64), Б. Мураталиев (1964–71), Б. Жамгырчинов (1971–75), С. Табышалиев (1975–80), Т. Аскаров (1980–85), Т. Садыков (1985–90). К Р Ж К н ы н т ө р а г а л а р ы: КР ЖКнын төрагасы М. Шеримкулов (11. 12. 1990 – 13. 9. 94). Эки палаталуу парламент мезгилиндеги (1995–2005) КР ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагалары: А. Матубраимов (28. 3. 1995– 26. 11. 1997), А. Эркебаев (26. 11. 1997– 12. 4. 2000), А. А. Бөрүбаев (18. 4. 2000–24. 3. 2005), М. О. Мукашев (24–25. 3. 2005). КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагалары: М. Ш. Чолпонбаев (29. 3. 1995–15. 11. 1997), У. Мукамбаев (15. 11. 1997 – 14. 4. 2000), А. Эркебаев (14. 4. 2000 – 24. 3. 2005), И. Д. Кадырбеков (24 – 25. 2005). Бир палаталуу парламент мезгилиндеги (март 2005) КР ЖКнын төрагалары: Ө. Ч. Текебаев (28. 3. 2005–2. 3. 2006), М. А. Султанов (2. 3. 2006–23. 10. 2007), А. К. Мадумаров (24. 12. 2007 – 25. 5. 2008), А. С. Тагаев (29. 5. 2008 –17. 12. 2009), З. К. Курманов (24. 12. 2009 – 14. 2010-ж.).
К. Раматов.