ГЕТЕРОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕТЕРОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР — циклинде көмүртек атому м-н катар башка элементтердин бир же бир нече атому (гетероатомдору) бар орг. бирикмелер. Г. б. – орг. бирикмелердин өтө көп кездешүүчү классы. Алар өсүмдүк ж-а жаныбарлардын тиричилигинде негизги роль ойнойт. Элементтердин мезгилдик системасындагы валенттүүлүгү экиден кем эмес элементтердин бардыгы Г. б-ди пайда кыла алат. Бирок, алардын ичинен N, О, S айрыкча N м-н O атомдору бар Г. б. жаратылышта алкалоиддер, витаминдер, пигменттер түрүндө өтө кеӊири тарап, биол. процесстерде мааниси өтө чоӊ. Жаратылышта кезигүүчү заттардын көпчүлүгү – Г. б.; аларга өсүмдүк хлорофилли, кандын геми, нуклеин кислоталары, алкалоиддердин дээрлик бардыгы, пеницилин, РР, В, В6, В12 витаминдери, медицинада колдонулуучу дары-дармектердин болжол м-н жарымы, индиго ж. б. тиешелүү. Г. б. өтө эле ар түрдүү. Алар бири биринен циклдеги атомдордун саны, гетероатомдордун табияты, циклде жөнөкөй ж-а кош байланыштардын бардыгы м-н айырмаланат. Булар гетероциклдеги суутектин атомдору башка атомдор ж-а атомдордун топтору м-н орун алмашуусунан, гетероядролордун ароматтык ядролор м-н конденсацияланышынан да пайда болот. Азыркы мезгилде Г. б-ди синтездеп алуунун көп методдору сунуш кылынган. Г. б. курамына ж-а молекулаларынын түзүлүшүнө карата айырмаланат. Булардын ичинен 5 ж-а 6 мүчөлүү бирикмелердин мааниси чоӊ.


Сурот бар.

Беш мүчөлүү бир гетероатомдуу Г. б-ге фуган (1), тиофен (2), пиррол (3) ж. б. кирет. Эки гетероатомдуу бирикмелерге пиразол (4), оксазол (5), тиазол (6) ж. б. таандык. Бензолдун ядросу м-н конденсацияланган Г. б. да чоӊ мааниге ээ. Алар бензофуран (7), бензотиофен (8), бензотиазол (9). Алты мүчөлүү 1 же 2 гетероатомдуу бирикмелер пиридин, оксазин ж. б. Кээ бири медицинада дары-дармек заттар катары колдонулат. Айрымдары (пиримидин негиздери) ДНК м-н РНКнын курамында кездешет. Беш ж-а алты мүчөлүү Г. б-дин хим. касиеттери ачык чынжырлуу аминдерге, эфирлерге ж-а сульфиддерге окшош. Г. б-ден өнөр жайда дары-дармектер, синтездик чайырлар алынат.
Ад.: Ивановский В. И. Химия гетероциклических соединений. М., 1978; Наметкин С. С. Гетероциклические соединения. М., 1975. С. Адылов.