ВАРРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

В́АРРИ – Нигериянын түштүгүндөгү шаар, Дельта штатында. Калкы 546,6 миӊ (2006). Нигер д-нын дельтасында жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт (19-к-дын аягынан, сыртка нефть, каучук, май пальмасынын продуктуларын, жер жаӊгак, какао, тери чыгарат). Аэропорту бар. 15-к-да негизделген. Нефть ин-ту (1872), нефть ажыратуу, нефть-хим., металлургия з-ддору, кеме ремонттоочу ишканасы иштейт. Кустардык өндүрүшү (жоон аркан, каноэ, согулган буюмдар) өнүккөн.