ГИББС ЭНЕРГИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИББС ЭНЕРГИЯСЫ, и з о б а р а – и з о т е р м а л ы к п о т е н ц и а л, э р к и н э н т а л ь п и я – термод. потенциалдардын бири; көз каранды эмес параметрлер р (басым), Т (термод. темп-ра) ж-а N (системадагы бөлүкчөлөр саны) аркылуу термод. системаны мүнөздөөчү функция. Ал кээде G (кээде Z, Ф) деп белгиленет ж-а энтальпия H, энтропия S ж-а темп-ра T м-н G=H–TS барабардыгы аркылуу берилип, ал эми Г. э. Гельмгольц энергиясы F м-н G=F+pV катнашы аркылуу байланышат. Ал курчап турган телолор м-н зат алмашуу процесстерин баяндап жазууда ыӊгайлуу. Термодинамикага Г. э. түшүнүгүн амер. физик Ж. У. Гиббс 1874-ж. киргизген. Турактуу басым кезинде жүргөн изотермалык теӊ салмактуулук процессинде Г. э. азайып, максималдуу пайдалуу жумушка барабар. Г. э. көбүнчө кДж/моль же кДж/кг аркылуу туюнтулат.