ГИБРАЛТАР КЫСЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИБРАЛТА́Р КЫСЫГЫ Европа (Пиреней жарым аралынын түш. чети) м-н Африканы (түн.-батыш бөлүгү) бөлүп турат. Атлантика океаны м-н Жер Ортолук деӊизди туташтырат. Уз. 59 км. Туурасы 14–44 км. Эӊ тайыз жери фарватерде (Жер Ортолук деӊиз м-н Атлантика океанынын суу алмашуусу чектелген жерде) 338 м, эӊ тереӊ жери 1181 м. Кысыктын эки жээгинде тоо массивдери жайгашкан; анын түндүгүндөгүсү Гибралтар аскасы, түштүгүндөгүсү Жабал-Муса деп аталат; алар байыркы заманда Геркулес мамылары аталган. Кысык аркылуу агып өткөн деӊиз агымдарынын үстүӊкүсү чыгышты, тереӊдиктегиси батышты карай агат. Кысыктын экон. ж-а стратегиялык мааниси зор; ал англ. Гибралтар чебинин көзөмөлүндө турат. Түн. Жээгинде Гибралтар (брит.) ж-а Альхесирас (исп.), түштүгүндө Танжер (Марокко) порттору жайгашкан.