ГИДРОГЕНЕРАТОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРОГЕНЕРА́ТОР (гидро... ж-а генератор) – гидравликалык турбина м-н айландырылуучу генератор. Гидравликалык турбинанын айлануу ылдамдыгы жай болгондуктан, анын валына туташтырылуучу Г. ачык уюлдуу синхрондуу генератор болууга тийиш. Г. айлануу огунун жайгашышына жараша тик ж-а горизонталдуу болуп бөлүнөт. Ачык уюлдуу машиналардын валы горизонталдуу, ал эми басымы аз гидростанцияларда колдонулуучу, айлануу ылдамдыгы кичине Г-дун валы тик коюлат. Г. аз кубаттуу (50 МВтка чейин), орт. кубаттуу (50–150

МВт) ж-а чоӊ кубаттуу (150 МВттан жогору), ал эми айлануу жыштыгына карай жай (100 айл/минга чейин) ж-а ылдам жүрүүчү (100 а й л / мин д а н жогору) болуп бөлүнөт. Г. берген чыӊалуу 8,8–18 кВ; кубаттуулук коэфф. 0,8— 0,95; ылдам жүрүүчү Г-дун п. а. к. 97–98,8%, жай жүрүүчүнүкү 96,3– 97,6%. Г-дун кубаттуулугу жүздөгөн МВтка жетет, мис., Братск ГЭСи үчүн курулган Г-дун кубаттуулугу 265 МВт, айлануу ылдамдыгы 125 айл/мин. Дүйнөдөгү эӊ ири ГЭСтердин бири Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт. Ар бири 300 МВт кубаттуулуктагы 4 Г-дан турат.