ЖЭЭК (Ысык-Ата районундагы кыш­так): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:07, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖЭЭК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыш­так. Жээк айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бе­кети Кант шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-жылы негизделген. Калкы 1155 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мез­гилинде баатырларча курман болгон,ушул кыш­такта туулган каарман пионер Кычан Жакы­повго эстелик тургузулган ж-а мектепте музейи уюштурулган.