ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ – жер бетиндеги аймактардын гидрогеологиялык картасын түзүү ж-а жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоo үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Г. к. т-дө топографиялык же геол. карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр ж. б-дын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо ж-а геофиз. иштер да жүргүзүлөт. Г. к. т-нүн негизги максаты – суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын ж-а жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын хим. курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 000 – 1:500 000), орто масштабдагы (1:200 000 – 1:100 000) ж-а ири масштабдагы (1:50 000 – 1:25 000 ж-а андан да чоӊ) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда Г. к. т. комплекстүү түрдө (геол.-геоморфологиялык, инж.-геол. ж. б.) жүргүзүлөт.
К. А. Кожобаев.