ЖЕҢИЖОК: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary |
||
4 сап: | 4 сап: | ||
[[File:ЖЕҢИЖОК126.png | thumb | none|Жеңижок. Р. Иса­ков тарткан сүрөт.]] | [[File:ЖЕҢИЖОК126.png | thumb | none|Жеңижок. Р. Иса­ков тарткан сүрөт.]] | ||
Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын колунда чоңойгон. Кийин Аксыдагы таякелерине ба­рып, ошол жерде өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Жеңижок Аксыда Нурмолдодон таалим алып, кат-сабатын жойгон. Акын Кыргызстан Рос­сиянын курамында баскын­чылык саясаттын азабын тартып калган мезгилде өмүр кечирген. Социалдыкдык теңсиздикке капталган карапайым калктын са­ясий сезими ойгонуп, баскынчылык саясатка нааразычылыгы ачыкка чыга баштаган мезгил­де. Ж. өз доорунун орчундуу көйгөйүнөн четте калган эмес. Табият, жашоо-тиричилик ж-а адам баласынын коомдогу орду, өмүрүнүн маа­ни-маңызы акындын чыгармаларында жогор­ку көркөмдүктө чечмеленген. Буга анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Замана» деген ырлары мисал. Дүйнө тааныткыч, идеялык-көркөмдүк жагынан акындык чыг-лыгынын нукура бер­меттеринен болгон классикалык ырларынын бири – «Аккан суу». Же=ижок аккан сууну жердин жети кабатынан жанып чыккан керемет күч, адам баласынын жашоосуна дем берген улуу кыймылдын белгиси катары мүнөздөйт. «Ак­кан сууну» Жеңижок замандаштарынын эскерүүсүндө жети күн, бир түн тынбай айткан. Жеңижоктун «Ак­кан суусу» Барпынын, Токтогулдун аты уйкаш ырларынан кадыресе айырмаланып турат. Жеңижоктун кыргыз поэзиясында ээлеген орду ириде анын философиялык чыгармаларына байланыштуу. Акын мейли аккан сууну ырдайбы же замана темасына кайрылабы, пенделик кайгы-касыре­тин ырга кошобу – баарында тең анын инсан­дык өзүнчөлүгү таасын билинет, ар бир сап, акындык табылга Жеңижокко гана тиешелүү экени көрүнүп турат. Жеңижок табиятынан ыр жандуу, көркөм өнөргө шыктуу болгон. Сабаты ачыл­ган Жеңижок айрым чыгыш акындарынын, араб дин таануучуларынын эмгектери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Мына ушул эки өңүттөн – оозеки жана жазма адабияттын ыктуу ашташынан Жеңижоктун кайталангыс акындык чыгармачылыгы ачыл­ган. Жазма адабияттан азыктанып, көркөм сөздүн маани-мазмунун терең түшүнгөн Жеңижок өзүнүн жеке пенделик кайгы-касиретин ырга кошуудан тар­тынган эмес, баласы жоктугун, айыкпас дарт­тан азап чеккенин ал олуттуу түр менен көркөмдөп чыккан. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында арыз-арман негизинен салттуу формаларда ча­гылдырылган. Жеңижок ушул көнүмүш салтты бузуп, өзүнүн жеке пенделик арманынан да чоң көркөмдүк маани-мазмун таба алгандыгы анын «Жалгыз тал менен сүйлөшүү», «Балам жок» деген ырларынан көрүнүп турат. Жеңижок өзүнүн за­мандаш акындарынын бир тобу менен айтышкан. Анын Нурмолдо, Эсенаман, Барпы, Эшмамбет жана акындар менен айтышы белгилүү. Нурмолдо менен негизинен табышмак айтыш үстөмдүк кыл­са, Эсенаман менен болгон айтышта сөз тапкыч­тыгы аркылуу жеңип чыккан. Барпы менен ай­тышта негизинен аалам, дүйнө кубулуштары, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар сапаттары сы­патталып айтылат. Жеңижоктун чыгармаларында са­нат-насыят ырлары да басымдуу. Акын ар бир муун өкүлүнүн, жаш менен карынын адеп-ыймандык тартиби тууралуу ой жүгүртөт. Анын көр­көмдүк жактан мыкты чыгармалары учурунда бааланбай, жыйналбай калган. Жеңижоктун: «Ал­ган жарым тул калды, Ак куржун толо ыр кал­ды» деген ыр саптары бекер жеринен айтылба­ган. Ал – акындын ыймандай сыры, арылбас арманы. Акындын чыгармаларын А. Жусупбе­ков жыйнап, 1982-ж. «Жеңижок» деген ат менен жарыкка чыккан. «Залкар акындар» сериясы­нын 2 томдугуна КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы материалдардын негизинде түзүлгөн жыйнак 2000-ж. жарык көргөн. Ошондой эле 2006-жылы «Улуттук дөөлөт, рухий мурас – Улуу кыргыз көчү» элдик жүрүштүн алкагында улуу акындын 140 жылдыгына карата тандалмала­ры жарык көрдү. Аксы районунун Кара-Суу айлын­дагы мектепке анын ысмы берилип, айкели тур­гузулган, музейи бар. | Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын колунда чоңойгон. Кийин Аксыдагы таякелерине () ба­рып, ошол жерде өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Жеңижок Аксыда Нурмолдодон таалим алып, кат-сабатын жойгон. Акын Кыргызстан Рос­сиянын курамында баскын­чылык саясаттын азабын тартып калган мезгилде өмүр кечирген. Социалдыкдык теңсиздикке капталган карапайым калктын са­ясий сезими ойгонуп, баскынчылык саясатка нааразычылыгы ачыкка чыга баштаган мезгил­де. Ж. өз доорунун орчундуу көйгөйүнөн четте калган эмес. Табият, жашоо-тиричилик ж-а адам баласынын коомдогу орду, өмүрүнүн маа­ни-маңызы акындын чыгармаларында жогор­ку көркөмдүктө чечмеленген. Буга анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Замана» деген ырлары мисал. Дүйнө тааныткыч, идеялык-көркөмдүк жагынан акындык чыг-лыгынын нукура бер­меттеринен болгон классикалык ырларынын бири – «Аккан суу». Же=ижок аккан сууну жердин жети кабатынан жанып чыккан керемет күч, адам баласынын жашоосуна дем берген улуу кыймылдын белгиси катары мүнөздөйт. «Ак­кан сууну» Жеңижок замандаштарынын эскерүүсүндө жети күн, бир түн тынбай айткан. Жеңижоктун «Ак­кан суусу» Барпынын, Токтогулдун аты уйкаш ырларынан кадыресе айырмаланып турат. Жеңижоктун кыргыз поэзиясында ээлеген орду ириде анын философиялык чыгармаларына байланыштуу. Акын мейли аккан сууну ырдайбы же замана темасына кайрылабы, пенделик кайгы-касыре­тин ырга кошобу – баарында тең анын инсан­дык өзүнчөлүгү таасын билинет, ар бир сап, акындык табылга Жеңижокко гана тиешелүү экени көрүнүп турат. Жеңижок табиятынан ыр жандуу, көркөм өнөргө шыктуу болгон. Сабаты ачыл­ган Жеңижок айрым чыгыш акындарынын, араб дин таануучуларынын эмгектери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Мына ушул эки өңүттөн – оозеки жана жазма адабияттын ыктуу ашташынан Жеңижоктун кайталангыс акындык чыгармачылыгы ачыл­ган. Жазма адабияттан азыктанып, көркөм сөздүн маани-мазмунун терең түшүнгөн Жеңижок өзүнүн жеке пенделик кайгы-касиретин ырга кошуудан тар­тынган эмес, баласы жоктугун, айыкпас дарт­тан азап чеккенин ал олуттуу түр менен көркөмдөп чыккан. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында арыз-арман негизинен салттуу формаларда ча­гылдырылган. Жеңижок ушул көнүмүш салтты бузуп, өзүнүн жеке пенделик арманынан да чоң көркөмдүк маани-мазмун таба алгандыгы анын «Жалгыз тал менен сүйлөшүү», «Балам жок» деген ырларынан көрүнүп турат. Жеңижок өзүнүн за­мандаш акындарынын бир тобу менен айтышкан. Анын Нурмолдо, Эсенаман, Барпы, Эшмамбет жана акындар менен айтышы белгилүү. Нурмолдо менен негизинен табышмак айтыш үстөмдүк кыл­са, Эсенаман менен болгон айтышта сөз тапкыч­тыгы аркылуу жеңип чыккан. Барпы менен ай­тышта негизинен аалам, дүйнө кубулуштары, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар сапаттары сы­патталып айтылат. Жеңижоктун чыгармаларында са­нат-насыят ырлары да басымдуу. Акын ар бир муун өкүлүнүн, жаш менен карынын адеп-ыймандык тартиби тууралуу ой жүгүртөт. Анын көр­көмдүк жактан мыкты чыгармалары учурунда бааланбай, жыйналбай калган. Жеңижоктун: «Ал­ган жарым тул калды, Ак куржун толо ыр кал­ды» деген ыр саптары бекер жеринен айтылба­ган. Ал – акындын ыймандай сыры, арылбас арманы. Акындын чыгармаларын А. Жусупбе­ков жыйнап, 1982-ж. «Жеңижок» деген ат менен жарыкка чыккан. «Залкар акындар» сериясы­нын 2 томдугуна КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы материалдардын негизинде түзүлгөн жыйнак 2000-ж. жарык көргөн. Ошондой эле 2006-жылы «Улуттук дөөлөт, рухий мурас – Улуу кыргыз көчү» элдик жүрүштүн алкагында улуу акындын 140 жылдыгына карата тандалмала­ры жарык көрдү. Аксы районунун Кара-Суу айлын­дагы мектепке анын ысмы берилип, айкели тур­гузулган, музейи бар. | ||
04:24, 11 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ЖЕҢИЖОК (өз аты-жөнү – Көкө уулу Өтө; 1860, Талас өрөөнү, азыркы Манас району, Покровка кыштагы – 1918, Аксы району, Кара-Суу айылы) – кыргыз элинин ак таңдай акындарынын бири.

Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын колунда чоңойгон. Кийин Аксыдагы таякелерине () барып, ошол жерде өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Жеңижок Аксыда Нурмолдодон таалим алып, кат-сабатын жойгон. Акын Кыргызстан Россиянын курамында баскынчылык саясаттын азабын тартып калган мезгилде өмүр кечирген. Социалдыкдык теңсиздикке капталган карапайым калктын саясий сезими ойгонуп, баскынчылык саясатка нааразычылыгы ачыкка чыга баштаган мезгилде. Ж. өз доорунун орчундуу көйгөйүнөн четте калган эмес. Табият, жашоо-тиричилик ж-а адам баласынын коомдогу орду, өмүрүнүн маани-маңызы акындын чыгармаларында жогорку көркөмдүктө чечмеленген. Буга анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Замана» деген ырлары мисал. Дүйнө тааныткыч, идеялык-көркөмдүк жагынан акындык чыг-лыгынын нукура берметтеринен болгон классикалык ырларынын бири – «Аккан суу». Же=ижок аккан сууну жердин жети кабатынан жанып чыккан керемет күч, адам баласынын жашоосуна дем берген улуу кыймылдын белгиси катары мүнөздөйт. «Аккан сууну» Жеңижок замандаштарынын эскерүүсүндө жети күн, бир түн тынбай айткан. Жеңижоктун «Аккан суусу» Барпынын, Токтогулдун аты уйкаш ырларынан кадыресе айырмаланып турат. Жеңижоктун кыргыз поэзиясында ээлеген орду ириде анын философиялык чыгармаларына байланыштуу. Акын мейли аккан сууну ырдайбы же замана темасына кайрылабы, пенделик кайгы-касыретин ырга кошобу – баарында тең анын инсандык өзүнчөлүгү таасын билинет, ар бир сап, акындык табылга Жеңижокко гана тиешелүү экени көрүнүп турат. Жеңижок табиятынан ыр жандуу, көркөм өнөргө шыктуу болгон. Сабаты ачылган Жеңижок айрым чыгыш акындарынын, араб дин таануучуларынын эмгектери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Мына ушул эки өңүттөн – оозеки жана жазма адабияттын ыктуу ашташынан Жеңижоктун кайталангыс акындык чыгармачылыгы ачылган. Жазма адабияттан азыктанып, көркөм сөздүн маани-мазмунун терең түшүнгөн Жеңижок өзүнүн жеке пенделик кайгы-касиретин ырга кошуудан тартынган эмес, баласы жоктугун, айыкпас дарттан азап чеккенин ал олуттуу түр менен көркөмдөп чыккан. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында арыз-арман негизинен салттуу формаларда чагылдырылган. Жеңижок ушул көнүмүш салтты бузуп, өзүнүн жеке пенделик арманынан да чоң көркөмдүк маани-мазмун таба алгандыгы анын «Жалгыз тал менен сүйлөшүү», «Балам жок» деген ырларынан көрүнүп турат. Жеңижок өзүнүн замандаш акындарынын бир тобу менен айтышкан. Анын Нурмолдо, Эсенаман, Барпы, Эшмамбет жана акындар менен айтышы белгилүү. Нурмолдо менен негизинен табышмак айтыш үстөмдүк кылса, Эсенаман менен болгон айтышта сөз тапкычтыгы аркылуу жеңип чыккан. Барпы менен айтышта негизинен аалам, дүйнө кубулуштары, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар сапаттары сыпатталып айтылат. Жеңижоктун чыгармаларында санат-насыят ырлары да басымдуу. Акын ар бир муун өкүлүнүн, жаш менен карынын адеп-ыймандык тартиби тууралуу ой жүгүртөт. Анын көркөмдүк жактан мыкты чыгармалары учурунда бааланбай, жыйналбай калган. Жеңижоктун: «Алган жарым тул калды, Ак куржун толо ыр калды» деген ыр саптары бекер жеринен айтылбаган. Ал – акындын ыймандай сыры, арылбас арманы. Акындын чыгармаларын А. Жусупбеков жыйнап, 1982-ж. «Жеңижок» деген ат менен жарыкка чыккан. «Залкар акындар» сериясынын 2 томдугуна КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы материалдардын негизинде түзүлгөн жыйнак 2000-ж. жарык көргөн. Ошондой эле 2006-жылы «Улуттук дөөлөт, рухий мурас – Улуу кыргыз көчү» элдик жүрүштүн алкагында улуу акындын 140 жылдыгына карата тандалмалары жарык көрдү. Аксы районунун Кара-Суу айлындагы мектепке анын ысмы берилип, айкели тургузулган, музейи бар.
Ад.: Акыев К. Баскан жол. Ф., 1964; Айтыштар,
1-т. Ф., 1972; Эл ырчылары / Түзгөн С. Кайыпов. Ф., 1981; Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Жеңижок / Түзгөн А. Жусупбеков. Б., 2006. А. Обозканов.