ГИДРОЛИЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРО́ЛИЗ (гидро... ж-а гр. lesis – ажыроо, бөлүнүү) – суу м-н түрдүү заттардын ортосундагы ион алмашуу реакциясы. Г. суу эритмесинде гана эмес, суунун же суу буусунун катуу, суюк же газ түрүндөгү заттар м-н аракеттенишинде да жүрөт. Г-ге ар түрдүү класстагы хим. бирикмелер, а. и. туздар, углеводдор, белоктор, эфирлер, майлар ж. б. дуушар болот. Суунун ж-а анда эриген заттардын Г-и электролиттик диссоциациянын негизинде жүрөт (Н2О=Н++ОН). Г. процессинде суу иондору анда эриген заттардын иондору м-н кошулуп, аз диссоциациялануучу, учуп кетүүчү же начар эрүүчү заттарды пайда кылса, реакция аягына чейин жүрөт. Эгерде начар к-та м-н күчтүү негиздин тузу Г-денсе эритмеде негиздик реакция (рН>7) К2СO3+ +HOH KOH+KHCO3, ал эми күчтүү к-та м-н начар негиздин туздарынын эритмелеринде к-талык реакция (pH<7) жүрөт. К-та м-н негиз бирдей санда диссоциацияланса, анда эритмедеги реакция нейтралдуу болот. Күчтүү к-та м-н күчтүү негиздин тузу Г-денбейт (pH=7). Начар к-та м-н начар негизден пайда болгон туздун эритмеси толук Г-денип, анда начар к-та ж-а начар негиз пайда болот: NH4CN+HOHNH4OH+HCN. Темп-раны жогорулатуу ж-а эритмелердин концент-сын азайтуу Г-дин даражасын жогорулатат. Г. физиол. чоӊ мааниге ээ. Организмдеги полисахарид, белок ж. б. заттарда дайыма Г. жүрүп турат. Жер кыртышынын бир катар геол. өзгөрүштөрү ж-а минералдардын пайда болушу, о. эле хим. өнөр жайда глюкоза, этил спирти, фурфурол, самын, глицерин, фенол, алифаттык к-таларды, майларды ж. б. алуу Г. процессине негизделген.