ИБРАГИМОВ Мирза: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:07, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИБРАГИМОВ Мирза Ажар оглы [15(28). 10. 1911, Түштүк Азербайжан, Эва айылы, азыр Иран – 17.12. 1993, Баку)] – азербайжан жазуучусу, коом­дук ишмер, Азербайжан ССР ИАнын академи­ги (1945), Азербайжан ССР эл жазуучусу (1961), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1981). Чыгармачылыгы 1930-жыл­дардан башталган. Туңгуч драмалары – «Тур­муш» (1935), «Мадрид» (1938), «Махаббет» (1942). «Түштүк аңгемелери» цикли м-н «Күткөн күн да келет» (1948) романында (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) Ирандагы улуттук-боштондук кыймылы чагылдырылган. «Улуу таяныч» (1957) рома­нынын ж-а Н. Наримановдун өмүрү ж-а революциялык ишине арналган «Пэрванэ» эпопеясынын (1969– 70), «Кыштак кызы» (1962), «Жакшы адам» (1965) аттуу драмалык чыгармалардын, тил, адабият боюнча сын ж-а публицистикалык макалалардын автору. 1965-жыл­дан Азербайжан жазуучулар союзунун башкар­масынын биринчи катчысы, СССР Жогорку Со­ветинин (1–5, 7-шайланышынын) депутаты. Үч Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.