ИБРАИМОВ Искендер: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

04:07, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИБРАИМОВ Искендер (15. 1. 1932-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1970), профессор (1972). 1952-жылы КМУну бүтүргөн. 1957–61-жылдарда Пржевальск педагогикалык институтунун доценти, марксизм-ленинизм кафед­расынын башчысы, 1961–65-жылдарда Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун улук илимий кызматкери, 1965–79-жылдарда В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда тарых ка­федрасынын башчысы, 1979-жылдан мамлекеттик тил ж-а гуманитардык илимдер институтунда кафедра башчысы, декан, проректор, 1993-жылдан Кыр­гыз тоо-кен ж-а металлургия институтунда кафедра башчысы. Кыргызстандын партиялык уюмунун тарыхы­на арналган 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 6 монография) автору. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.