ГИДРОСТАТИКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОСТА́ТИКА (гидро… ж-а статика) – гидроаэромеханиканын суюктуктардын теӊ салмактуулугун ж-а суюктук куюлган идиш беттерине, тынч турган суюктукка чөгөрүлгөн нерсеге болгон аракетин изилдөөчү бөлүмү. Г-нын негизги маселеси суюктуктагы басымдын бөлүштүрүлүшүн изилдөө. Анын негизги закондорунун бири – суюктукка же газга матырылган нерсеге аракет эткен түртүү (мис., суу астындагы кеменин капталына ж-а түбүнө) күчүнүн чоӊдугун аныктоочу Архимед закону. Закондун негизинде кеменин сүзүшү ж-а сууга матырылышы каралат. Гидравликалык пресс, гидравликалык аккумулятор, суюктук манометри, сифон ж. б. машиналар м-н приборлор Г. закондорунун бири Паскаль законуна негизделип иштейт.