ИЗОЛЯТОР (электр тогун бөлүү): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИЗОЛЯТОР 1 to ИЗОЛЯТОР (электр тогун бөлүү)) |
(Айырма жок)
|
03:39, 14 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЗОЛЯ́ТОР (фр. isolateur, isoler – бөлүү, ажыратуу) – электр тогун такыр өткөрбөгөн же начар өткөргөн материал. Изоляторго кургак аба, айнек,
фарфор, слюда, айрым майлар кирет. Өткөргүчтөрдөн айырмаланып, изолятордо заряддарды эркин алып жүргүчтөр жок болгондуктан, ал аркылуу ток өтпөйт. Бирок, изоляторго өтө чоң чыңалуу берилсе, ток өтүшү да мүмкүн, бул айрым учурда материалдын жараксыз болушуна алып келет. Токтун же заряддын коромжу болушун азайтуу үчүн изолятор электр өткөргүчтөрүн каптоо же ажыратуу үчүн колдонулат. Ал диэлектриктен ж-а байланышчу арматурадан турат. Фарфор же айнек изолятор электр өткөргүчтөрүнүн аба линияларында; резина же пластмасса изолятор кадимки кабелдерди каптоо үчүн; кремний диоксидинен жасалган плёнкалар конденсатор ж-а интеграл схемаларын даярдоодо диэлектрик материал катары колдонулат. Ал эми радиотехникалык түзүлүштө ж-а жогорку жыштыкта иштөөчү курулмаларда орнотулган изолятор стеатит, ультрафарфор өңдүү диэлектрик материалдардан жасалат. Жаан-чачын жааганда изолятор электр тогун өткөрүп жибериши мүмкүн. Муну болтурбоо үчүн изолятордун бети татаал формада жасалат. Чыңалуусу 6дан 35 кВко чейинки электр линияларында казык түрүндөгү, андан көп чыңалууда гирлянда, үстү ачык бөлүштүргүч түзүлүштөрдө казык түрүндөгү таянычтуу изолятор, ал эми жогорку чыңалууда өткөөл изолятор колдонулат.