ГИДРОХИНОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОХИНО́Н, 1,4 - д и о к с и б е н з о л, С6Н4(ОН)2 – эки атомдуу фенол. Мол. салм. 110,11, ачык боз түстүү кристалл; эрүү t 170°С, кайноо t 285°С. Бензолдо, муздак сууда начар, ысык сууда, спиртте, эфирде, бензолдо, ацетондо жакшы эрийт. Г-дун суудагы эритмеси абада кычкылданып, кочкул күрөӊ түскө өзгөрөт: кычкылданууда алгач хингидронго, анан n-бензохинонго айланат. Г. – күчтүү калыбына келтиргич. Г-ду n-бензохинонду калыбына келтирүүдөн алынат. Г. сүрөт ишинде, орг. боёкторду синтездөөдө, анализдик химияда калыбына келтиргич майлар үчүн антиоксидант, полимерлөөдө ингибитор катары кеӊири колдонулат.