ГИДРОЭЛЕВАТОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОЭЛЕВА́ТОР (гидро... ж-а лат. elevator – көтөрүүчү) – суюктукту ж-а гидроаралашмаларды өткөргүч түтүктөр м-н жылдырып же жогору чыгаруучу агым насосу. Г-дун иштеши кийиргич түтүккө (насадкага) келүүчү суу агымынын энергиясын пайдаланууга негизделген. Суу агымы Г. аркылуу чоӊ ылдамдык м-н өтүп, кийиргич түтүктөн чыгарда басымдын өзгөрүшүн пайда кылат. Бул Г-дун аралаштыруучу камерасына ташылуучу материалдын келишине шарт түзөт. Жумушчу суюктуктун агымы пайда болгон гидроаралашманы аралаштыруучу камерадан диффузорго алып кетет. Диффузордо гидроаралашманын ылдамдыгы төмөндөйт, бирок агымдын кинетикалык энергиясынын бир бөлүгү потенциалдык энергияга айланышынын негизинде басым чоӊоюп, натыйжада гидроаралашма өткөргүч түтүк аркылуу жылат. Г-дун кыймылдуу бөлүктөрү болбойт, констр. Жактан жөнөкөй, бирок п.а.к. 20—25%тен ашпайт. Г. материалды жакын аралыкка (бир нече 100 мге чейин) ташуу үчүн тоо ж-а курулуш жумуштарында, откана м-н электр станцияларда күлдү ж-а шлакты чыгарууда, кум ж-а шагыл ташууда колдонулат.