ГИПЕРБОЛА (жалпак ийри сызык): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИПЕ́РБОЛА (гр. hурerbolе – ашыкча, артыкча) – тегерек конусту анын эки түзүүчүсүнө параллель тегиздик м-н кескенде пайда болгон жалпак ийри сызык. Мында ал тегиздик конустун чокусу аркылуу өтпөйт. Г. – фокус деп аталган F1(–c, 0) ж-а F2(c, 0) (фокустар) чекиттерине чейинки, r1=F1M ж-а r2=F2M аралыктарынын айырмасы r1 r2 2а 􀀐􀀠<2c турактуу болгон тегиздиктеги М чекиттердин көптүгү. F1F2 кесиндисинин ортосу О (фокустук аралык) Г-нын бор-

бору деп аталат. Г.– борб. экинчи тартиптеги сызык. Ал башка Ox ж-а Oy чыныгы же фокалдык ж-а жалган (мнимый) окторго карата симметриялуу болгон эки чексиз тармактан турат. Г-нын чыныгы ок м-н кесилишкен А ж-а В чекиттери Г-нын чокулары.
Г. эки асимптотага ээ: у=вх/а. Асимптоталардын арасындагы 􀁄бурчу Г-нын эксцентриситетине е=с/а>1 көз каранды. Чыныгы окко перпендикуляр болгон d1 ж-а d2 түз сызыктары Г-нын директрисалары деп аталат. a=b болгон учурда Г. теӊ капталдуу Г. деп аталат. Г-нын диаметри – хордалардын ортосу аркылуу өтүүчү түз сызык. «Г.» терминин Аполлон Пергский (болжол м-н б. з. ч. 200-ж.) киргизген. Ад.: Ильин В. А., Позняк Э. Г. Аналитическая геометрия. М., 1988.