ВАСИЛЕВСКИЙ Михаил Григорьевич: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
2-tom>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
Михаил Григорьевич (1932-ж. т., Сахалин а-ндагы Широкая Падь кыш.) – медицина илимд. доктору (1999). Благовещенский ММИни бүтүргөн (1959). Чита медин-тунда ассистент, доцент, обл. онкология диспансеринде радиолог-врач, Семипалатинск мед-ин-тунда, КММИде (1976–84) кафедра башчысы, КР УОБдо жетектөөчү ил. кызматкер (1984–2003). Акушерлик ж-а гинекология, неонтология, зыяндуу шишиктердин статистикасы ж-а эпидемиологиясы, саламаттык сактоону уюштуруу б-ча адис. 2003-жылдан Алдын алуу медицинасы б-ча ил. өндүрүштүк бирикмеде ил. консультант болуп иштейт. В. бийик тоо шартында онкология ж-а тобокелдик теориясынын, о. эле жугуштуу эмес өнөкөт оорулардын резервометриясына негиз салуучулардан болуп саналат. 132ден ашык ил. эмгеги, 1 монографиясы бар.
Эмг.: Эпидемиология рака шейки матки в Кыргызстане.Б. 1996.