ГИПЕРТРОФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИПЕРТРОФИ́Я (гипер… ж-а гр. trophе – тамактануу, тамак) – дене мүчөлөрүнүн же алардын айрым бөлүктөрүнүн көлөмүнүн чоӊоюп кетиши. Чыныгы ж-а жалган болуп айырмаланат. Чыныгы Г-да органдардын аткарган ишинин күчөшүнөн (мис., жумушчу же компенсатордук Г.), эндокрин ж-а нерв системасынын бузулушунан паренхималык элементтердин көлөмү же массасы чоӊоёт. Жумушчу Г. соо организмде (кара жумуш иштегендер, спортчулар), о. эле органдын бир бөлүгү жабыркаганда (мис., жүрөк кемтигинде – компенсатордук Г.) же жуп органдын бири алынып ташталганда, экинчиси анын кызматын да аткарып калганда пайда болот. Нейроэндокриндик бузулуудан болгон Г-га акромегалия, гинекомастия кирет. Жалган Г-да кошумча ткандын (көбүнчө май тканы) ашык өсүшүнөн орган чоӊоюп, функциялык ткандар кичирейет ж-а кызматы начарлайт. Г. өсүмдүктө да кездешет.