ГЛАЗЕНКО Матрена Аксентьевна: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЛАЗЕ́НКО Матрена Аксентьевна (1916, Украина, Житомир обл., Забара айылы – 1990, Чүй обл., Кемин р-ну) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1966). 1950-жылдан Кемин р-нундагы Ильич атн. Асыл тукум мал з-дунда музоо багуучу болуп

иштеп, 1200дөн ашык асыл тукум музоо багып өстүргөн. 1965-ж. 82 музоону чыгашасыз асырап, алардын кунардуулугун арттырган. 1966–70-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.